Menu

Бомж

Караколдо милиция 25 "бомжду" баш калкалоочу жайга жеткирди

Кыштын ызгардуу суугу сыртта жашоо үчүн эң ылайыксыз мезгил. Муну үй-жайы жок адамдар өзгөчө жакшы түшүнүшөт, алар үчүн бул мезгил чыныгы сыноого айланат. Адамдар ар кандай себептерден улам көчөдө калышат. Кимдир бирөөнү туугандары үйдөн кууп чыгышкан, кимдир бирөө топтолгон карыздан улам үйүн жоготкон. Көбүнчөсү болсо, алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болгону, негизги себеп болуп калат.

Мындай шартта облустук борбордун милиция кызматкерлери көчөдө калган адамдарды аныктап, Каракол шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган баш калкалоочу жайларга жеткирүү боюнча атайын рейддерди өткөрүшөт. Үй-жайсыз адамдар үчүн уюштурулган баш калкалоочу жайлар сууктан сактаныш үчүн чыныгы куткаруучу жай болуп саналат.

Аба-ырайынын кескин сууктаганына байланыштуу Каракол ШИИБдин милиция кызматкерлери туруктуу негизде жашаган жери жок адамдар жүрчү жерлерде күзөт иштерин алып барууда. Бул шаардын базарлары, автобекеттери, соода борборлору жана кичирайондору.

Алсак, 11-январда шаардык милиция кызматкерлери тарабынан көчөдө калган 13 адам аныкталган. Сууктан айрымдары өздөрү баса албай калышкан. Алардын баары баш калкалоочу жайга жеткирилип, ал жерден милиционерлер алардын өздүгүн аныктаса, дарыгерлер алардын ден соолугунун абалын текшерип чыгышты.

Учурда баш калкалоочу жайда 25ке жакын – туруктуу жашаган жери жок адамдар бар.

Меню