Menu

Борбордук Азия – Европа Биримдиги экономикалык форуму

Бишкек шаарында “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форуму өтүүдө

Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форуму өтүүдө.

Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форумунда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы иш-чаранын башкы максаты региондор ортосундагы экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүү экенине көңүл бурду. Муну менен, экономикалык кызматташтыктын пайдубалы алды ала бир нече жылга түптөлүп, ал аталган иш-чарага жаратуучу дем берет.

Форумдун катышуучулары жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, ишкерликке жагымдуу шарт түзүү маселелерин талкуулашты.

Тематикалык пленардык сессияларда делегаттар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен Европа Биримдигинин учурдагы өз ара аракеттенүүсүнүн абалын, ошондой эле экономикалык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жана өкмөт башчыларынын орун басарлары катышууда. Ошондой эле, Европа Биримдигинен Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана башка жогору деңгээлдеги өкүлдөрү болду.

Мындан сырткары, иш-чарага ЕБ мүчө-мамлекеттеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү, региондо ЕБ долбоорлорун ишке ашырып жаткан уюмдар, Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнүн жеке секторунун өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, анын ичинде европалык каржы институттары катышууда.

Меню