Menu

Борбордук Азия университети

КР Билим берүү министри Болотбек Купешев Борбордук Азия университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Борбордук Азия университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Ага Хан уюмунун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды.

Маалымат катары:

Борбордук Азия университети (БАУ) 2000-жылы негизделген. Бул менчик коммерциялык эмес светтик университеттин уставы жана негиздөө келишими Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын президенттери жана Улуу даражалуу Аха Хан тарабынан кол коюлуп, үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланган жана Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. Азыркы учурда Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларында жайгашкан БАУнун эки кампусу иштеп жатат. 

Жолугушуунун башында доктор Шамш Кассим-Лакха университет жана анын тарыхы, түзүмү, окуу процесси, БАУнун окуу жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу кеп салды. Анын айтымында, Нарын шаарында жайгашкан БАУнун кампусу билимдүү, тажрыйбалуу жана чыгармачыл бүтүрүүчүлөрдү даярдай турган заманбап билим берүү жана изилдөө программаларын сунуштап, Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошууга умтулууда.

Өз сөзүндө министр конокторго сапарчылап келгени үчүн ыраазычылык билдирип, билимдүү жаштарды даярдоо жана аларды кесипке туура багыттоо үчүн университеттердин өзгөчө жоопкерчилигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар окутуу процессине, Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү уюштуруу системаларына тиешелүү суроолорду, ошондой эле Министрлик, БАУ жана Кыргызстандагы Ага Хан уюмунун ортосундагы биргелешкен илимий-практикалык долбоорлорду жана актуалдуу көйгөйлөр боюнча иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Меню