Menu

Борбордук Азия + Япония диалогу

«Борбордук Азия + Япония» диалогунун Жогорку кызмат адамдарынын 15-жолугушуусу болуп өттү

Кечээ, 20-октябрында япон тараптын демилгеси менен гибрид форматында «Борбордук Азия + Япония» диалогунун Жогорку кызмат адамдарынын 15-жолугушуусу болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров катышты.
Тараптар диалогдук аянтчанын алкагында кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде туруксуздуктун тобокелдиктери менен күрөшүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары А.Мадмаров өз сөзүндө Диалогго катышкан өлкөлөр менен аймактык маанидеги конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу практикалык кызматташууну мындан ары тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле ушул жылдын декабрь айында Токиодо өткөрүлө турган Диалогдун Тышкы иштер министрлеринин тогузунчу кеңешмесинин күн тартибинин долбоору талкууланды.

Меню