Menu

Борбор Азия + АКШ (С5+1)

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө жалган маалымат менен күрөшүүгө жардам берет

Самаркандда өткөн Борбор Азия -АКШ же С5+1 форматындагы аймактык кызматташуу боюнча биринчи министрлер жыйынында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аймакта ишке ашырууга ниеттенип жаткан жаңы долбоорлорун жарыялады.

Бул тууралуу Gazeta.uz билдирди.

USAIDдин администратору Саманта Пауэр 14,3 миллион доллар бөлүнөрүн кабарлады. Каражат Борбор Азияда экономикалык өсүштөгү тоскоолдуктарды жоюуга, туруктуу жана жашыл энергетикалык системаларды түзүүгө жана дезинформация менен күрөшүүгө жумшалат.

“Биз журналисттерди жана медиа адистерин маалыматты так аныктоо жана жарыялоо үчүн зарыл болгон инструменттер жана ыкмалар менен камсыздайбыз. Ошондой эле өнөктөш өкмөттөр менен жалган маалыматтын жайылышын алдын алууга жардам берген саясатты иштеп чыгууга жана көз карандысыз ЖМКларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөбүз”, -деди Саманта Пауэр.

USAID маалымат каражаттарын колдоо – жарандардын укуктарын коргоого, ачык-айкын жана отчеттуу өкмөттөрдү түзүүгө багытталган маанилүү демократиялык жана экономикалык реформа экенин баса белгилейт.

Акылбек Жапаров дүйнөлүк державалардын Борбор Азия өлкөлөрүнө кызыгуусу өскөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “акыркы убакта ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга болгон кызыгуусу артып жатканы байкалып жатканын” билдирди. Бул жөнүндө ал Бишкекте өтүп жаткан “Борбор Азия: өз ара аракеттешүүнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу Vl эксперттик форумда сүйлөп жатып айтты.

“Аймактагы интеграциялык процесстер – Борбор Азия глобалдык процесстердин толук кандуу субъектиси болууну көздөп жатканын көрсөтүүдө. Сырткы борборлор бизге бир бүтүн аймак катары карап жатышат. Акыркы кездердеги көптөгөн саммиттер да С5+1 форматында өтүүдө”, – деди Жапаров.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жөнүндө айткан төрага алардын ортосунда бардык деңгээлдерде “дайыма диалог жүрүп жатканын” белгиледи. “Анткени азыркы реалдуулукта биздин экономикалык жана саясий жактан атаандаштыкка туруштук берүүбүздү арттыра турган өз ара тыгыз кызматташтыксыз Борбор Азияга дүйнөлүк масштабдагы субъектке айлануу өтө кыйын болот”, – деди Жапаров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да глобалдык геосаясий окуялардын фонунда эл аралык коомчулуктун Борбор Азияга болгон кызыгуусу “кыйла өскөнүн” билдирген.

Быйыл С5+1 форматында Борбор Азия өлкөлөрү катышкан бир нече саммит өттү. Май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин демилгеси менен “Кытай – Борбор Азия” саммити өтүп, анын жыйынтыгында Бээжин аймактагы өлкөлөргө 50 миллиард доллар бөлөрүн билдирген.

Июнь айында Кыргызстан экинчи “Борбор Азия – Европа биримдиги” саммитин кабыл алган. Анда Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга каршы санкцияларды бузбоону талап кыларын, “ошол эле маалда өнөктөштөрдүн бул маселеге байланышкан көйгөйлөрүн угууга жана талкуулоого даяр экенин” айткан.

Сентябрь айында тарыхта алгачкы жолу АКШнын президентинин жана Борбор Азия лидерлеринин катышуусунда “Борбор Азия – АКШ” саммити өткөн. Анда Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирине барышы мүмкүн экенин айтып, дипломатиялык С5+1 форматына кошумча бизнес-платформа түзүү планы бар экенин билдирген.

Сентябрдын аягында өткөн “Германия – Борбор Азия” саммитинин жыйынтыгында Берлин аймактагы өлкөлөр менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, бирок бул үчүн борборазиялык беш өлкө Орусияга каршы санкцияларды бузбашы керектигин белгилеген.

Сентябрда Нью-Йоркто АКШ менен Борбор Азия лидерлеринин саммити өтөт

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.

18-августта Forbes АКШ президенти Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялады.

АКШ президенти Жо Байден өз катында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.

Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы мындай саммит чындап эле пландалып жатканын жана ал АКШнын демилгеси экенин ырастады.

Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19 же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.

“Мен БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда биз элибиздин жашоосундагы эң маанилүү маселелер боюнча прогресске жетишебиз. 19-20-сентябрдагы “C5+1” форматындагы расмий жолугушууда сиз мага жана биздин кесиптештерибизге кошулуп, коопсуздук, экономика жана экология чөйрөсүндөгү жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөнү кантип уланта аларыбызды талкуулайбыз деп үмүттөнөм”, – деп жазган Жо Байден.

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто “Борбор Азия + АКШ” (С5+1) министрлер жыйынына катышты

Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия+АКШ” (С5+1) кызматташуу форматындагы министрлер жыйынына катышты.
Жолугушууга ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Э.Блинкен, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын АКШдагы элчиси катышты.
Жолугушуунун негизги темасы өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн чыңдоо, азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүү жаатындагы кызматташтык болду.
Катышуучулар бул форматтын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү жогору баалашып, С5+1 диалогдук аянтчасын ар тараптуу чыңдоонун маанилүүлүгүн жана кызыгуусун белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн өздөрүнүн ортосунда да, Америка Кошмо Штаттары менен болгон мамилелеринде да практикалык жана соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен аймактык кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал экономикалык өз ара байланышты чыңдоого көмөктөшүүчү конкреттүү инфраструктураны жана башка долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелерге токтолгон министр Ж.Кулубаев калктын жашоо деңгээлине жана сапатына өтө сезгич таасир этүүчү санкцияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Санкциялык саясаттын кесепеттерин минималдаштыруу максатында КР ТИМ башчысы тиешелүү органдардын ортосунда санкциялык саясат боюнча диалогду жана консультацияларды уюштурууга чакырды. «Мындай чаралар дүйнөлүк коомчулукка дүйнөлүк экономиканын глобалдык кризиске андан ары жылып кетишинин алдын алууга жардам берет деп ишенебиз», – деп баса белгиледи Ж.Кулубаев.
Жолугушууда америкалык тарап калктын билим деңгээлин, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга 25 миллион АКШ долларын бөлүү демилгесин көтөрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун белгиленген форматынын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишти.
Меню