Menu

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу: келишимге үч президент кол койду

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

“Бул маанилүү документ регионубуздун өлкөлөрүнүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артам. Бул тарыхый учур жана бул келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсүнө бекем негиз болуп берет деп ишенем”,- деди Жапаров.

Мындан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери кеңешмеге катышуу үчүн Кыргызстанга 20-июлда келген. Калган эки президентти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан бүгүн, 21-июлда тосуп алды.

Меню