Menu

Борбор Азия суу ресурстары

Кыргызстандан Казакстанга суу бериле баштады

Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышты.

Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

“Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат”, – деп билдирди Нуржигитов.

Ал акыркы эки айда Казакстанга суу келбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Киров суу сактагычынын башчысы Шыгай Момуналиев буга чейин “Азаттыкка” августтун этегинде суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар экенин айткан. Бул 2022-жылга салыштырганда 10 эсеге аз. Былтыр августта бассейинде 100 млн куб суу топтолгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Таластын Манас району суунун 20 пайызын гана колдонот. Казакстан сууну алганы үчүн кенемте катары Киров суу сактагычын жыл сайын ремонтоп, оңдоо иштерин жүргүзөт.

Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын пайдалануу ишин жандандырат

21-июлда Чолпон-Атада Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык проблемалар талкууланды.

Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашылды. Чектеш аймактагы дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуу, тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгы айтылды.

Арал көлүн куткаруу маселесинин тегерегинде да сөз болду.

Эки өлкөнүн ортосунда чек ара толук такталып бүтө элек болгондуктан жер жана суу талашка байланыштуу түрдүү конфликттер катталып турат. Былтыр жазында ондогон адамдын өмүрүн алган ири чек ара чыры катталган.

Рахмон Чолпон-Атага Борбор Азия президенттеринин саммитине катышуу үчүн келген. Саммиттин жыйынтыгында аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Меню