Menu

Британияга эмгек миграциясы

Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандан эки миң жумушчу жөнөтүлөт

Улуу Британияга Кыргызстандан өкмөт аркылуу быйыл да жумушчулар жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү келишимге 30-январда Бишкекте мекеме менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койду. Ага ылайык, быйылкы жыл ичинде 2 миң кыргыз жараны Улуу Британияга барып, айыл чарбасында иштеп келе алат.

Ар бир жумушчу менен келишим алты айга чейинки мөөнөткө түзүлөт, маянасы саатына 10 фунт стерлинг болот.

Каалоочуларды тандоо иштери Бишкекте жана Ошто жүрүп жатат.

2022-жылы кыргыз өкмөтү Улуу Британиянын “Агро HR” компаниясы менен келишим түзүп, 1,5 миң жаранын жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө мындай келишимдер расмий түрдө Корея Республикасы жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен түзүлүп жатканы маалымдалды.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Фото - Улуу Британияга сезондук жумушка келген кыргыздардын биринчи тобун Станстед аэропортунда кыргыз элчиси өзү тосуп алды

Кечээ, 20-майда Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусуповдун катышуусунда Улуу Британиянын Станстед аэропортунда сезондук жумушка келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын биринчи тобун тосуп алуу уюштурулду.

Британия тарабынан аталган жолугушууда «FruitFull» операторунун жетекчиси Жастин Дэвид Эмери жана «Agri-HR» компаниясынын жетекчиси Ян-Виллем Наеребаут катышышты.

Белгилей кетсек, бул топ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен британиялык «Agri-HR» компаниясынын ортосундагы кыргыз жарандарын Улуу Британиянын айыл чарбаларында сезондук жумушка орноштуруу боюнча макулдашуунун алкагында келген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы мекендештер менен саламдашып, аларга ийгиликтүү эмгектенүүсүн каалады. Мындан сырткары, элчи У.Джусупов жарандарга Улуу Британияда жүрүү эрежелери жана өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык визалык режимди сактоо зарылчылыгы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар У.Джусупов Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Меню