Menu

БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясы

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча программалар үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштады.

“Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз. Атап айтканда, биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз”, – деди президент.

Садыр Жапаров мындан тышкары климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. АКШ доллары керек экенин билдирди. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү экенине да токтолду.

Климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит 1-ноябрда башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга барышты. Садыр Жапаров анда Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдардын жетекчилери менен жолукту.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын климаттык каржылоону көбөйтүү сунушун карап чыгат

Президент Садыр Жапаров Глазгодо Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава менен жолугушту. Мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, каржы уюмунун өлкөнүн экономикасын колдоодо берген жардамына ыраазылык билдирди.

Садыр Жапаров донор уюмдардын башчыларын Кыргызстанда климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууда кызматташууга чакырды. Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисине климаттык каржылоо портфелин 150 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Масацугу Асакава бул маселе АӨБ директорлор кеңеши менен талкууланарын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине катышууда. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрүп, сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Глазгодогу саммит алдында Римде “Чоң жыйырмага” кирген мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан.

Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясына катышуу үчүн Глазго шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан  Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Меню