Menu

Бычакташуу

Генпрокуратура: Бир адамды бычактап, качып кеткен кыргыз жараны Испаниядан кармалып, алып келинди

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды.
Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. “А.Б.” аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасы боюнча КР ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.

Аламүдүн районунда 58 жаштагы тургунду 50 жаштагы тургун бычактап кеткен

24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө, Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алган окуя туурулуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүрүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Бул тууралу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон.
Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бул факты кылмыштардын билдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Д.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Териштирүү иштери улантылууда.

Аламүдүндө 24 жаштагы жаранды бычактап кеткен 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалды

Аламүдүн районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрь күнү Аламүдүн РИИБнө ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы жашоочусу У.К. бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Бул факты Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Окуянын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню