Menu

Бээжин Олимпиадасы

Дүйнөлүк имамдар кеңеши Шинжаңдагы куугунтуктан улам мусулмандарга Бээжин Олимпиадасына барууга тыюу салды

Дүйнөлүк имамдар кеңеши атайын билдирүү жасап, мусулмандарга 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялады.

Кеңеш мындай жол менен кытай бийлиги тарабынан “кемсинтүүгө жана кыйноого кабылып жаткан” Шинжаңдагы мусулмандарды колдоону чечкен.

Кеңештин билдирүүсүнө Орусиянын, Омандын, Египеттин жана башка өлкөлөрдүн муфтийлери кол койгон. Мындан тышкары анда Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин жетекчисинин да колу бар.

“Дүйнөлүк имамдар кеңеши – ислам дининдеги бардык агымдар менен мазхабдардын лидерлеринен турган мусулман дүйнөсүндөгү эң алгачкы жана эң ири трансулуттук бейөкмөт уюм. Биз кыйноого кабылып жаткан уйгур мусулмандарын колдойбуз. Кытайдын өкмөтү кыйноого алуу, эзүү жана диктатурасы аркылуу өлкөдөгү мусулмандардын негизги укуктарын, жалпы эле адам укуктарын бузууну улантууда. Дүйнөлүк имамдар кеңеши Нажаф шаарындагы Ыйык Ислам окуу жайы жана ислам дүйнөсүнүн белгилүү муфтийлери тарабынан берилген ыйгарым укуктарына ылайык, мусулмандардын Бээжиндеги Олимп оюндарына катышуусуна тыюу салган чечим чыгарды. Бул оюндар уйгурлардын геноциди үчүн жооптуу болгон тирандык жана деспоттук режимдин кызыкчылыгына түздөн-түз кызмат кылат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары билдирүүдө кеңеш “Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялаган уюмдардын көбөйүп жатканын” кубаттай турганы белгиленген.

Буга чейин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Бээжиндеги оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Кытайдагы мусулмандар, өзгөчө Шинжаң автоном облусунда жашаган тургундар өлкө бийлигин мажбурлап иштетүүгө, төрөт санына көзөмөл жүргүзүүгө, алардын маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн жок кылууга жана ата-энелерин камакка алуу менен балдарды алардан бөлүүгө айыптап келишет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдагы бул көрүнүштү геноцид деп атап, бир катары Батыш өлкөлөрү Шинжаңдын жогорку кызматтагы бир топ аткаминерине каршы санцияларды киргизишкен.

Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып, өз аракетин “экстремизмге каршы күрөш” деп, ал эми уйгурлар, казактар жана кыргыздар кармалып турган лагерлерди “окутуу жайлары” деп атап келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню