Menu

Бүтүн Кыргызстан

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы президент Садыр Жапаровдун айрым жарлыктарынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн конституциялык сотко берди

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы аныктамасы менен Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыктарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынды. Бул тууралу КР Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Конституциянын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы тууралуу принциптерге негизделет. Ал эми анын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат деп белгиленген.

Кайрылуу субъектисинин пикиринде, бийликти бөлүштүрүүсүз жана тиешелүү эффективдүү токтотуп туруу жана тең салмак тутуму болмоюнча, укуктук мамлекет жана мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Мыйзам менен конституциялык принциптерге баш бербеген кандайдыр бир чексиз бийликтин пайда болушуна тоскоолдук болуп мамлекеттик органдардын ортосунда алардын бирин да бүтүндөй бийликке толук көлөмдө ээ кылдырбай бөлүштүрүүсү саналат.

Элдик Курултайдын макамы Конституцияда бекитилген жана бул органды мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу жолу менен камсыздалууга тийиш болгонуна карабастан, Президенттин Жарлыгы менен Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген. Аталган жобого ылайык Бишкек шаарында 2022-жылдын 26-ноябрында 1072 делегаттан турган биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн.

“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Президенттин талашылып жаткан Жарлыгы менен Элдик Курултайды мыйзамсыз чакыруу, аны уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн бекитүү, резолюциясынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп белгилейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого бардык жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн өкүлчүлүктүү органдын маанилүүлүгүн жоготууга алып келет.

Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктарын конституциялуу эмес деп таанууну суранууда.

Орусиядан депортацияланып, УКМК абагына камалган жаран "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкери, блогер Эмил Бекиев болуп чыкты

Орусия активист Эмил Бекиевди Кыргызстанга депортациялады. 7-сентябрда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилип, ага улут аралык кастыкты козутуу айыбы тагылды.

УКМКдан билдиришкендей, Бекиев Facebook баракчасына “кастыкты козуткан, чагымчыл мүнөздөгү” маалыматтарды байма-бай чыгарып келген. Тергөө иштери аяктаганга чейин ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

6-сентябрда Москванын Преображенский соту “Орусиянын мыйзамдарын бир канча жолу бузганына жана антиорусиялык ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө” байланыштуу Бекиевди Кыргызстанга депортациялоо чечимин чыгарган.

Социалдык түйүндөрдө ФСБнын Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси кол койгон коштомо каттын сүрөтү тарап жатат. Анда Бекиевдин ишмердүүлүгү “коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып, улут аралык кастыкты козутууга түрткү болору” белгиленген.

Документте Челябинск шаарындагы Совет райондук сотунун чечими менен Эмил Бекиевдин орус жарандыгы жокко чыгарылганы жазылган. Соттун ал токтому 2022-жылы 25-мартта күчүнө кирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өз билдирүүсүндө Бекиев Кыргызстандын жараны экенин белгилеген.

Социалдык түйүн колдонуучулары Эмил Бекиевдин Кыргызстандын азыркы бийлигинин саясатын кескин сындап жаткан интервьюсун да жарыялап жатышат.

2021-жылы ноябрда Кыргызстандын ондогон жараны Москва шаарынын борборунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын желектери менен автожүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырышкан. Анда акциянын уюштуруучуларынын бири Эмил Бекиев 15 суткага камакка алынган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышпоо чечимин кабыл алды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Саясий кеңеши 11-июль күнү өтүүчү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышпоо тууралуу чечим кабыл алды.

“Соңку жылдары бийликке жалаң акчага, күчкө таянган топтор талпынып, акыл менен акча тирешинде акча жеңип келди..
Эч бир эреже, мыйзам сакталбай бийликке, байлыкка жетүүнүн үлгүсү калыптанганы акыркы шайлоолордон көрүнүп турат. Шайлоолор бизде башаламандыктын, социалдык-саясий чыңалуунун фактору болуп калды. Шайлоого катышкан бийлик жана субьектилер өткөндөн сабак алууга дараметсиздигин көрсөтүп жатат. Ошентип өлкөдө кезектеги шайлоо өнөктүгү максатына жеткен жок.
Шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн. Бир да АШКнын, УШКлардын төрагалары, мүчөлөрү, же шайлоонун жокко чыгышына себеп болгон тараптар жоопкерчиликке тартылган жок. Түзүлгөн кырдаал боюнча саясий баа да берилген жок.
Мындай шайлоо менен мамлекет алдыга жылып, өнүгүү жолуна түшө албайт.
Түзүлгөн кырдаалды эске алып, жоопкерсиз, башаламан, ыплас өткөн шайлоону жыйынтыктабай жатып, дал ушундай эле жол менен башталган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышпоо тууралуу Бүтүн Кыргызстан партиясынын Саясий кеңеши чечим кабыл алды,” – деп айтылат партия тараткан билдирүүдө.
Меню