Menu

Валюта базары

Өлкөдө нак акча чыгарууга чектөө киргенден бери долларга суроо-талап азайды

Кыргызстанда долларды тышка чыгарууга тыюу салуу – азырынча өз жыйынтыгын берүүдө. Улуттук банк кабарлагандай, өткөн суткада банк аралык соодада америка валютасына болгон суроо-талап 90% төмөндөгөн.

Эксперттер бул чара биринчи кезекте орусиялык валюта диллерлерине тоскоол болорун боолгошууда. Буга чейин алар Кыргызстанда жапырт түрдө рублди долларга алмаштырышып, сумка жана чемодандар менен тышка чыгарып кетип турушкан.

Кыргызстан бийлиги ички валюта рыногунда доллардын тартыштыгын ооздуктоого кайрадан аракет жасоодо. Эгер былтыр марттан бери коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруу бюролоруна америка валютасын тышка чыгарууга тыюу салынса, эми чектөө жеке диллерлерге да тиешелүү болуп калды. Мындан ары чет өлкөлүктөр өзү менен кошо Кыргызстандан 5 миң долларга чейин, өлкө жарандары 10 миң долларга чейин тышка алып кете алышат.

“10 ай мурун, валюта кризиси башталганда эле ушундай кылуу керек эле”, – деп эсептейт экономист Арсланбек Кененбаев.

Анын пикиринде, Кыргызстанда накталай доллардын жетишсиздиги эң биринчи кезекте орусиялык факторго байланыштуу. Бир нече айдан бери өлкөгө жапырт түрдө рубль которулуп, тышка болсо доллар чыгарылып кетип жаткан. Эң эле кызыгы – легалдуу жана чоң көлөмдө. Кыргызстан өзү чыгым тартуу менен орусиялык диллерлер үчүн офшордук-валюталык зонага айланып калган. Эксперттин пикиринде, чектөөлөрдүн кириши менен эми ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен гана алып чыгууга мүмкүн.

“Миллион, эки, беш миллионду аткезчилик менен алып чыга тургандар аз болсо керек – бул коркунучтуу, себеби эки чек ара бар. А буга чейин учактын бизнес-классында доллар салынган сумкасын кучактап баратканын кишини өзүм да көргөм”, – дейт экономист.

Министрлер кабинетинин валюта базарында маселени чечүүгө көрүп жаткан аракетин депутат Дастан Бекешов да кубаттайт. Бирок чектөөнү америка долларына эмес, орус рублине киргизүү керек болчу деп эсептейт.

“Долларды ким чыгарып кетип жатат? Бул жакка ири көлөмдө рубль алып кирип жаткандар долларды чыгарып кетүүдө. Бул Орусия Федерациясынын бизнесмендери. Ошондуктан мен долларды чыгарууга чектөө киргизүүнүн ордуна рублди кабыл алууга чектөө киргизүүнү сунуштайм”, – дейт ал.

Депутат долларды тышка чыгарууга чектөө киргизүү чет өлкөгө дарыланууга же окууга бараткандарга кыйынчылык жаратышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Бирок чет өлкөлүктөр мындай кооптонуу негизсиз деп эсептешет.

“Менимче, легалдуу түрдө акча тапкан киши аны банк аркылуу алат же банкка салат жана банк аркылуу аны алып чыгып кетет. Башкача айтканда, мен АКШга акча жөнөтө алам, бирок физикалык түрдө өзүм менен кошо купюраны алып чыгып кете албайм”, – дейт Compass College мекемесинин башчысы Эндрю Вахтель.

Эми өлкөдөн канча доллар чыгарылып кетип жатканын чек арачылар көзөмөлгө алат. Алардан өлкөнүн валюталык балансы көз каранды. Эгер алар валюта аткезчилерин ооздуктай алышса, чектөө эффективдүү болот деп белгилешет эксперттер.

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга былтыр 11-марттан тарта накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Улуттук банк 13-январда Кыргызстанда валюта рыногу туруктуу экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү банк системасында 650 миллион доллар бар, анын 40% накталай акча түзөт.

Өлкөнүн башкы банкы 10-январда сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган. Мекеме мындай ири валюталык интервенцияны “жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш” деп түшүндүргөн.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта – сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон.

Улуттук банк валюта алмаштырган Телеграм-каналдарга айып пул салды

Улуттук банк мыйзамсыз валюта алмаштырган Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын жетекчилиги рейддерди өткөрүп, мындай Телеграм-каналдардын ээлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүгө аракет жасоодо. Рейд учурунда бардыгы болуп 14 физикалык жакка айып пул салынган.

Буга чейин Улуттук банк ИИМ жана Салык кызматы менен бирге уруксаты жок валюта алмаштыруу менен алектенгендердин жолун бөгөөгө ниеттенип жатканын кабарлаган.

Мыйзам боюнча тиешелүү лицензиясы жок акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду түзөт.

Улуттук банк Telegram аркылуу акча алмаштырып жаткандар боюнча милицияга кайрылды

Кыргызстандын Улуттук банкы Telegram-каналдар аркылуу валюта алмаштыруу операциялары жүргүзүлүп жатканына байланыштуу күч органдарына кайрылганын бүгүн 4-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, укук тартибин коргоо органдарына айрым адамдардын ишмердүүлүгү мыйзамга канчалык туура келерин карап чыгуу тууралуу кат жөнөтүлдү жана бул боюнча тийиштүү чара көрүү каралууда.

Чет өлкөлүк валютага болгон сурамдын жогорулашы “валюта алмаштыруу боюнча жөнгө салынбаган ар түрдүү рыноктордун пайда болушуна ыңгайлуу шарт түзүп жатканын” белгилеген Улуттук банк тийиштүү лицензиясы жоктор валюта алмаштырса бул аракети мыйзам бузуу болуп саналарын жана жоопкерчилик караларын билдирди. Мында жеке адамдарга айыппул 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом деп каралган.

Быйыл жыл башынан бери 11 рейддик текшерүү жүргүзүлүп, 10 адамга 175 миң сом суммасында административдик айыппул салынганы маалымдалды.

Улуттук банк валюта базарындагы азыркы абалды туруктуу деп балоодо, ал эми коммерциялык банктар, мекеме билдиргендей, “учурда чет өлкөлөрдөн нак доллар алып келүү жолу менен бул валютанын керектүү көлөмүн камсыз кылуу боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат”.

Адистер валюта рыногундагы түшүнүксүз жагдайлардан улам кийинки кездери көмүскө валюталык соода көбөйүп баратканын жана ага коммерциялык банктар да катышып жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Кыргызстанда көмүскө валюта базары пайда болду

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда америкалык валютаны расмий түрдө сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Банктар түрдүү чектөөлөрдү киргизүүдө: алсак, айрымдары бир кишиге 100 доллардан ашык сатуудан баш тартууда.

Акча алмаштыруу жайларында АКШ валютасы дээрлик жок болууда. Мындан улам өлкөдө көмүскө валюта базары пайда болду: долларлар атайын телеграм-каналдар аркылуу банктар менен акча алмаштыруу жайларындагыдан кыйла кымбатыраак баада сатылууда.

Расмий акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү мындай телеграм-каналдарда “ири өлчөмдөгү акча айланып жатканын” билдирип, аларга каршы Улуттук банкка жана Ички иштер министрлигине арыз жазышканын билдирүүдө.

“Лицензиясыз акча алмаштыруу жайлар, акча алмаштырган адамдар курсту жогорулатып же ылдыйлаткан кээ бир Телеграм-каналдар пайда болду азыр. Лицензиясыз акча алмаштырып жаткан фактылар дагы жок эмес. Биз “ошондой телеграм каналдар, акча-каражатын мыйзамсыз айландыруу боюнча чара көрүңүздөр” деп кат менен Улуттук банк менен ИИМге кайрылганбыз. Мисалы, ошол эле Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, же “Дордойдо” “бул жакта доллар жок экен, чектөө менен сатып жатыптыр, арзаныраак экен же кымбатыраак” деп бири-бири менен сүйлөшүп алып, доллар алып-сатуу соодаларын жүргүзүү фактылары бар болчу. Ошонун негизинде Улуттук банк менен ИИМ биргеликте 5-6 күндүк рейд өткөргөн. Тилекке каршы, аз эле факты чыкты. Бирок, жок эмес”, – деди Кыргызстандын акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов.

Улуттук банк да лицензиясы жок “көмүскө акча алмаштыруу” мыйзамсыз экенин билдирүүдө. “Акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүп жаткан айрым адамдардын, анын ичинде телеграм-каналдардын ишмердүүлүгүн текшерүү тууралуу укук коргоо органдарына каттар жөнөтүлдү. Учурда бул маселе каралып жатат жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, – деп билдиришти мекемеден.

Акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү көмүскө валюта базарынын пайда болушуна Улуттук банктын аракеттери себеп болгонун билдирип жатышат. Алардын айтымында, каржы көзөмөл мекемеси акча алмаштыруу жайларына банктар менен бир күндүн ичинде айлануудагы акчасынан ашпаган суммада гана валюталык операция жүргүзүүгө уруксат берип койгон.

Финансы жаатындагы адистер учурда Кыргызстанда доллардын чоң тартышты бар экенин билдирүүдө – алар массалык түрдө чет өлкөлөргө, көбүнчө Орусияга чыгарылып кетүүдө.

“Расмий бизнес үчүн иштөө оор болууда, чыгашалары, жоготуулары көп. Бул адамдарга да ыңгайсыз. Экономиканын бир бөлүгү көмүскөгө кетиши мүмкүн. Азыр биздин өкмөт бардыгы ачык болсун, накталай акча колдонбостон банктардын кызматын пайдалансын деп экономиканы көмүскөдөн чыгарууну каалап жатпайбы. Көмүскө базар болгондо ачыктык аз болот”, – деди финансист Арсланбек Кененбаев.

Жыйынтыгында Кыргызстанда чет өлкөлүк валютанын төрт алмаштыруу курсу пайда болду. Биринчиси накталай эмес конвертация, экинчиси накталай валюта сатуудагы банктын курсу, үчүнчүсү акча алмаштыруу жайларынын курсу жана төртүнчүсү көмүскө базардагы курс.

Меню