Menu

Ван Ин

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейман менен учурашып, анын Кыргызстанга болгон сапары эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин жана активдүү динамикасын билдирерин белгиледи.

Президент Кытайдын тышкы иштер министринин эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жеке көңүл буруусун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсүн жогору баалай турганын белгиледи. Ал бул визит кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын тарыхый этап болуп каларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров тышкы экономикалык байланыштар тармагына токтолуп, Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөшү катары карай турганын белгиледи. «Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Соода-экономикалык кызматташууга өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын кытай тараптын „Бир алкак — бир жол“ демилгеси менен интеграциясы өбөлгө болот», — деп, Кытай тарап менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоң социалдык мааниге ээ экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭР өкмөтү тарабынан берилген гранттык жардамды жогору баалай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын кең аймагын сугат суу менен камсыз кылууда чоң мааниге ээ болгон айланып өтүүчү Чүй каналы-2 (ОЧК-2) долбоорунун ишинин башталышын канааттануу менен белгиледи. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдо болгон суу ресурстарын кыйла үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

Президент ошондой эле өлкө үчүн маанилүү улуттук долбоор болгон «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду. Тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.

Мамлекет башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесине маанилүү кошумча болот деген оюн билдирди. Ал буга чейин кытайлык адистер Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасы негиздөөчү мамлекет катары Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында айтылган жана сунуш кылынган Кытай тараптын демилгелерин колдойт», — деген Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгынын жогорку деңгээлин эске алып, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүү маанилүү бөлүгү болуп саналарын кошумчалады.

Президент Кыргызстан бардык эл аралык платформалардын, анын ичинде БУУ, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме ж. б. алкагында жемиштүү кызматташууну улантууга ниеттенип жаткандыгына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге чын жүрөктөн саламын жана жакшы каалоолорун айтып, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жакшы каалоолорун жана саламын айтты.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү эки өлкөнүн лидерлеринин үстүбүздөгү жылдын февралында болгон жолугушуусу эки тараптуу мамилелерди жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи.

Ван И Кыргызстандагы саясий, социалдык стабилдүүлүктү жана өлкө Президентинин реформаларды жасоого бекем чечкиндүүлүгүн жогору баалап, кытай тарап Кыргызстан менен достук байланыштарды жана кыргыз тараптын эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын жогору баалай турганын баса белгиледи.

«Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын белгиси астында биргелешкен аракеттердин натыйжасында биз чыныгы жакшы дос, жакшы коңшу, бир тууган жана ак ниет өнөктөш болуп калдык. Биз чындап эле ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түздүк. Биз болгон жыйынтыктарды байытып, 30 жылдын ичинде жетишилген бул натыйжаларды баалап, жакынкы 30 жылда мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы ачык-айкын максаттарды коюшубуз керек», — деди Кытайдын тышкы иштер министри.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тарап үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

«Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз», — деди ал.

Кытайдын тышкы иштер министри ошондой эле Кыргызстан үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон айланып өтүүчү Чүй каналы-2 (ОКС-2) курулушунун тез арада бүтөөрүнө ишеним билдирди.

Меню