Menu

Видеорегистратор

Акылбек Жапаров ИИМге автоунааларды видеорегистраторлор менен камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды.

Унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет, себеби, видеокамералардын саны жогорулап, тийиштүү түрдө, көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранпорттордо видеорегистраторлор орнотулууда

Жайкы туристтик мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук транспорттордо ар кандай кылмыш фактыларынын алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында Каракол шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автоунааларда видеорегистраторлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Видеорегистратор – автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын, ошондой эле салондун ичиндеги абалды бир эле учурда видеокөзөмөлдү жүргүзүү функцияларына ээ.

Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облус борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен 5 ишкана алектенет, алардын балансында 385 кичи автобус жана 20 автобус бар. Каракол шаарынын ичинде күн сайын 55 кичи автобус каттайт. Мындан тышкары, аймак жана облус аралык каттамдар дагы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган ишканалардын унааларынын 75 пайызы жогоруда айталган видеорегистраторлор менен жабдылган.

«Видеорегистраторлор – биздин жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу эффективдүү чарасы. Аталган жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Мындан тышкары, айдоочулар жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле жол кырсыктарынын жана ар кандай башка кырдаалдардын күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт», – дейт Мунарбек Асаналиев.

Меню