Menu

Викрам Рузахунов

Январь окуясы: Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды

Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн тергөөдө жана соттук-медициналык экспертизада аныкталганын музыкант өзү Фейсбукка жазды.

“Бүгүн Ленин райондук милициясы менин ишим боюнча тергөөнү аяктап, материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча менин саламаттыгыма оор залал келтирилгенин эксперттер аныкташты. Чогулган материалдар Башкы прокуратура аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Казакстандын тиешелүү органдарына жиберилмекчи”, – деп жазды Рузахунов.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы да бул маалыматты ырастады.

Музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда Январь окуялары маалында кармалган учурда Жазык кодексинин “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иши, тергөө да убактылуу токтотулган. Буга алардын суракка барбаганы себеп болгонун музыканттын адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” блидирген. Адвокат Алматыга суракка барбаганына казак прокуратурасы коопсуздук кепилдигин бербегени негиз болгонун айткан.

Казакстандын тиешелүү органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь окуялары учурунда кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону расмий такталган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий эсеби 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Кыргызстан Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Бул – Кыргызстан өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет деген берене иштей баштаганын көрсөтөт. Бул – казак бийлиги Викрамды кыйнагандарды жоопко тартпаса, биздин бийлик таап, жоопкерчиликке тартышы керек дегенди билдирет. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Казакстан дагы бул жырткычтык аракеттер боюнча тергөө иштерин баштады”, – деп жазды жактоочу.

Прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча бул өлкөнүн Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирген.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январдын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, эки күндөн кийин коомчулуктун кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Соңку маалымат боюнча, Январь окуяларына байланыштуу кармалган кыргызстандык жаран азыр Тараз шаарында кармалып турат.

Казакстанда сабалган эки кыргызстандык боюнча “Кыйноо” беренеси менен иш козголду

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча бул өлкөнүн Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу 14-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

“Иш акыйкат каралат деген кепилдигин беришти. Иш биргелешип караларын айтышты”.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айыныны соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, эки күндөн кийин коомчулуктун кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Соңку маалымат боюнча, Январь окуяларына байланыштуу кармалган бир кыргыз жараны азыр Тараз шаарында кармалып турат.

Казакстанда кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант акыйкаттык үчүн күрөшөрүн билдирди

Казакстандагы Январь окуялары учурунда казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдирген кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов акыйкаттык үчүн күрөшмөй болгонун айтып чыкты. 14-февралда анын видео кайрылуусу Интернеттеги социалдык түйүндөрдө жарыяланды:

“Мен бул тууралуу көп ойлондум. Музыкага жана бизнеске азырынча жөн кайта албайм, эч нерсе болбогонсуп карап тура албайм. Мен кабылган окуя КМШ мамлекеттериндеги укуктук чөйрөнү жакшыртууга, демократияны өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн мыкты үлгү болуп, адам укуктары боюнча абалды жакшыртууга жардам болушу керек деп чечтим”.

Рузахуновго кыргызстандык адвокаттар жардам берерин билдиришти. Кайсы органдарга кандай талаптар коюлган арыздар жазылары азырынча так айтыла элек.

Казакстандагы Январь окуялары учурунда кармалып, кийин коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берилген Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын 10-февралда ачык айтып чыккан. Бети-башы көк-ала абалда 10-январда мекенине кайтарылган музыкант дароо Бишкектеги ооруканага жаткырылган.

Ал Алматыга иштери менен декабрдын аяк ченинде барганын, 7-январда кайтып келатып кармалганын, күч кызматкерлери анын паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын тартып алып, кайра бербей коюшканын, ур-токмокко кабылгандан кийинки абалы өтө эле оор болгонун, кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын айткан.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген. Дайынсыз болуп жаткан дагы бир кыргызстандык аёсуз сабалган абалда Бишкекке жеткирилген. Соңку маалымат боюнча, Январь окуяларына байланыштуу кармалган бир кыргыз жараны азыр Тараз шаарында кармалып турат.

ТИМ казак тарапты Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстан Республикасында болуп өткөн массалык баш аламандыкка катышты деп шектелип Кыргызстандыктын кармалганы тууралуу виде сюжеттин таралышана байланыштуу, бүгүн 2022-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Жошыбаевге КРнын жараны В.Рузахуновдун камалышына байланыштуу Министрликтин Нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.
Өз кезегинде Казакстандын Элчиси кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга менен байланышкан кырдаалга боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди.
Н.Ниязалиев казак тарабын Казакстан Республикасындагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анын жүрүшүндө бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, Министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөөрүн ишендирди.
Жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Министрлик Казакстан Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына ар кандай жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минитсри Р.Казакбаев Казакстан Республикасынын ТИМнин жетекчилиги менен туруктуу байланышта жана Казакстан Республикасынын аймагында жашап жана эмгектенип, тактап айтканда, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси Министрдин өзгөчө көзөмөлүндө.

УКМК: «Жапайы Арман» каймана аты бар криминалдык «авторитеттин» негизсиз билдирүүлөрү жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы

Боордош Казакстандагы кырдаалга, Казакстанда убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган фактылары боюнча кыргыз коомчулугунун тынчсыздануусуна байланыштуу КР УКМК төмөндөгүлөрдү билдирет:

Учурда Казакстанда стабилдүүлүктү эртерээк калыбына келтирүү шартында Кыргызстан менен Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнүн ортосунда аймактык коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган зарыл болгон эки тараптуу байланыштар жүргүзүлүүдө. Мурдагыдай эле учурдагы кырдаалды эске алуу менен практикалык жана маалыматтык өз ара аракеттенүү уланууда.

Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана башка процессуалдык аракеттерге дуушар болгон жакындарына болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын тынчсызданууларына байланыштуу, КР УКМК Казакстандын компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенет. Себеби, басымдуу көпчүлүгү соода жана тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар кокусунан көчөдө калып, кармалып калышы мүмкүн. Эки тараптуу каналдар аркылуу Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргызстандын жарандарынын Казакстандагы башаламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экендиги маалымдалды. «Жапайы Арман» каймана аты бар криминалдык «авторитеттин» негизсиз билдирүүлөрүнөн келип чыккан, андан кийин, өзгөчө ушундай оор мезгилде боордош кыргыз-казак күчтөрүнүн ортосуна жик салууга кызыкдар болгондор тарабынан кабыл алынганы Казакстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы. Жана бул башаламандык аймагын кеңейтүүгө багытталган.

Кармалган В.Рузахунов жана ушундай кырдаалга туш болгон башка мекендештерибиз боордошубуз Казакстандагы окуяларды козгогон күчтөрдүн пландарынын бир бөлүгүнүн кезектеги курмандыктары болуп калганын билдиребиз. 

Өз кезегинде УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым казак боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр жана казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет.

Биз кармалган жарандардын жакындарын сабырдуулукка, өз ара түшүнүшүүгө жана алардын жакындарына, казак боордошторубузга дуба кылууга, Казакстанда туулуп өскөн кыргыз мекендештерибизди тынчтыктын жана мыйзамдуулуктун тез арада калыбына келиши үчүн дуба кылууларына чакырабыз.

ИИМ: Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө

Казакстан Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 тенге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча  кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.
Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген  Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдиребиз.

Меню