Menu

Владимир Путин

Путиндин баасы 100 миллион доллардык жаңы яхтасы тууралуу иликтөө жарыяланды

Алексей Навальныйдын командасы Орусиянын президенти Владимир Путинге байланышы бар экени болжолдонгон кымбат баалуу яхта тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

Graceful деп аталган 82 метрлик яхтанын болжолдуу баасы 100 миллион долларга жакын. Анда эки бассейн, тик учак коно турган аянтча, спортзал, кинозал жана камин коюлган тамактануучу бөлмө бар. Яхтага өтө кымбат эмеректер коюлуп, ички жасалгасында мрамор жана алтын жалатылган материалдар колдонулган. Анын экипажы Федералдык күзөт кызматынын өкүлдөрүнөн туруп, өкмөттүк байланыш менен камсыздалган.

Активисттердин айтымында, Graceful яхтасынын корпусу Северодвинсктеги “Севмаш” кеме куруу жайында жасалган. Аны жасалгалоо жана техникалык жабдууларды орнотуу иши Гамбургдагы Blohm + Voss кеме куруу жайында уланып, 2014-жылы аяктаган.

Алгач яхтанын формалдуу ээси катары Путиндин көп жылдардан берки досу Пётр Колбин ээлик кылган Британ-Виргин аралдарында катталган офшор компания көрсөтүлгөн. 2020-жылы декабрда яхта ээси жашырылган “Аргумент” деп аталган орусиялык акционердик коомго сатылган.

Маалыматка караганда, Graceful яхтасы 2022-жылы январда Гамбургдагы кеме куруучу жайда пландык оңдоодон өтүп жатканда шашылыш түрдө Орусияга кайтарылган. Иликтөөчүлөр Москва мындай жол менен яхтаны Украинага кол салгандан кийинки камакка алуулардан коргоп калууга аракет кылган деп болжолдоодо.

2022-жылдын 24-февралынан кийин АКШнын Каржы министрлиги Путинге байланышы бар мүлк катары Graceful яхтасын санкциялык тизмеге киргизген. Бирок бүгүнкү күндө Эстония, Италия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр ортомчу фирмалар аркылуу бул кемеге жабдууларды жеткирүүнү улантып келишет.

Былтыр май айында Италиянын бийлиги Путинге таандык экени айтылган “Шехерезада” аттуу яхтаны камакка алып, АКШдагы кеме токтотуучу жайга жеткирген. Узундугу 140 метрди, баасы 700 миллион долларды түзгөн бул яхтанын формалдуу ээси катары “Роснефтинин” мурдагы башчысы Эдуард Худайнатов көрсөтүлгөн.

Владимир Путин кирешеси тууралуу декларациясында айына 850 миң рубль маяна аларын, “Волга” жана “Нива” үлгүсүндөгү эки автоунаасы жана “Скиф” чиркегичи бар экенин көрсөткөн.

"Вагнердин" жоочулары Липецк жана Воронежден чыгып кетүүдө

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын куралдуу күчтөрү ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин кайда экени белгисиз.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, “Вагнердин” жоочулары аймак аркылуу “ырааттуу түрдө жана эч кандай маселе жаратпастан” чыгып жатат. Гусев “Вагнердин” аскерлери аймактан толугу менен чыгып кеткенден кийин жарандардын жолдордо жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтурууга чара көрүүнү убада кылды.
Липецк облусунун бийлиги “вагнерчилер” толугу менен аймактан чыгып кеткенин кабарлады. Облуста соңку кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып, транспортук кыймыл калыбына келтирилди.
Чеченстандын атайын күчтөрүнүн “Ахмат” батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы “атайын аскердик операция болгон аймакка” кайтып жатышат. Буга чейин “Ахмат” “Вагнердин” куралдуу козголоңуна каршы Ростовго жөнөтүлгөн, бирок ал келгенде кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилип калган.
Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, “Вагнердин” оор бронетехникасы 10 миң чарчы метр жолдун аянтын жарактан чыгарган. Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан Буденнов проспектиси эң көп зыян тарткан. Шаар бийлиги эки күндүн ичинде жолдорду оңдоп берүүнү убада кылды.
Липецк облусунда “Вагнердин” техникасын тоскоол болуу үчүн экскаваторлор менен жолдор казылган. Учурда ошол жолдорду дагы оңдоо иштери жүрүп жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына - Кремлге эки дрон менен сокку урулду

3-майга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына эки дрон менен сокку уруу аракети болду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта чабуулду украин тарап уюштурганы белгиленген. Орус басылмалары дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын жазышты.

Телеграм-каналдар менен бир катар орус ЖМКлары Кремлге чабуул жасоого аракет кылды делген дрондордун видеосун жарыялашты.

https://twitter.com/kromark/status/1653766193348587522?s=20

Өз кезегинде украин президентинин кеңсеси Кремлге дрондор менен жасалган чабуулга Киевдин тиешеси жок экенин билдирди.

“Бизде Кремлге болгон түнкү чабуул тууралуу маалымат жок. Президент Зеленский бир канча жолу айткандай, Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатат”, – деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Сергей Никифоров.

Кремл бул чабуулду “пландалган террордук акт” жана “Жеңиш майрамынын алдында президентке кол салуу аракети” деп атады.

“Орус тарап каалаган жерде жана качан жооп чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Орус бийлиги азырынча “Кремлди бутага алды” делген дрондор кандай көлөмдө жана кандай үлгүдө экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын түшүндүрө элек.

 

"Ведомости": 9-майда чет өлкөлүк лидерлерден Москвага жалгыз Садыр Жапаров гана барышы мүмкүн

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвага бара турган жалгыз чет өлкөлүк лидер болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Ведомости” басылмасы Орусиянын президенттик администрациясындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “9-майга карата башка да чет өлкөлүк меймандар келиши мүмкүнбү?” деген басылманын суроосуна жооп берген эмес.

2022-жылы 9-майга карата өткөн Москвадагы аскердик парадга башка өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынан эч ким катышкан эмес. Мындай көрүнүш Орусиянын жаңы тарыхында алгачкы жолу болгон. Анда Дмитрий Песков Кремль парадга чет өлкөдөн эч кимди чакырбаганын билдирген. Азырынча орус бийлиги быйыл Жапаровдон башка лидерлер чакырылган-чакырылбаганы боюнча маалымат бере элек.

Буга чейинки жылдары, өзгөчө мааракелик даталарда 9-майда Москвага көптөгөн чет өлкөлүк меймандар барчу. Крым аннексиялангандан кийинки 2015-жылы да парадга 20дан ашык өлкөнүн лидери катышкан. Алардын көбүн КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары түзгөн. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери акыркы жылдары парадга барбай калышкан.

Быйыл Москванын чечими менен Орусиянын бир катар аймактарында жана аннексияланган Крым жарым аралында 9-майга карата аскердик парад өтпөй турган болду. Мындан тышкары бийлик салтка айланып калган “Өлбөс полк” жүрүшүн өткөрүүдөн да баш тартты.

Токаев менен Путин жыл башынан бери үчүнчү жолу телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорда билдирди.

Маалыматта президенттер «мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруунун контекстинде эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары да чыңдоонун келечегин талкуулашты» деп айтылат.

Акорда транзиттик-транспорттук каттамдар менен соода-экономикалык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулганын белгилейт.

Бул жыл башынан бери эки мамлекеттин башчысынын телефон аркылуу үчүнчү жолу расмий түрдө сүйлөшүүсү болуп эсептелет.

"Проект": Путин Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген

Орусия президенти Владимир Путин Олимпиада чемпиону Алина Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген. “Проект” басылмасынын иликтөөсүндө айтылгандай, каражат Путиндин  Кипрдеги Ermira офшорунан төлөнгөн.

Кеп Сочидеги “Королевский парк” турак жай комплексинде курулган 2600 чарчы метр аянттагы пентхаус жөнүндө болуп жатат. Анда бассейн, кинотеатр, патио, атүгүл тик учак коно турган аянтча да бар. Пентхаустун дизайны Валентин Юдашкинге таандык. 2021-жылы пентхаус “Орусиядагы эң чоң батир” деп таанылган.

“Проект” аныктагандай, 2011-жылы пентхаусту Олег Руднов өзүнө каттаткан. Кыймылсыз мүлктүн акчасы президенттик “капчыктан” – Кипрдеги Ermira офшорунан келип түшкөн. Руднов пентхаусту курулушчу белгилеген баадан беш эсеге арзан, 90 миллион рублга сатып алган.

Басылманын өз булагы Рудинов бул пентхаусту Кабаева үчүн сатып алганын ырастайт. Бул арада пентхаустун жанындагы эки батир Кабаеванын чоң энеси Анна Зацепилинга катталган.

“Проект” долбоорунун кабарчысы сатып алуучу катары бул үйдөн батирлерди саткан эки риелтор менен жолуккан. Алар пентхаус Кабаеванын жеке менчигинде экенин угушканын айтышкан.

Иликтөөчүлөрдүн эсеби боюнча Алина Кабаеванын бардык кыймылсыз мүлктөрүнүн наркы 120 миллион долларга жакындады.

Эрдоган Путинди согушту токтотууга үндөдү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Алар энергетика маселесин, Украинадагы согуш жана Сириядагы жаңжалды талкуулашканын Anadolu маалымат агенттиги 5-январда жазды.

Эрдоган Украинадагы согуш тууралуу Путинге “тынчтык жана диалог үчүн чакырыктар колдоого алынышы зарылдыгын” белгилеген. Мындай сунушка Путин эмне деп жооп бергенин түрк агенттиги жазган жок.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин Эрдоганга Украинага аскердик жардам берип жаткан “Батыш мамлекеттеринин кыйратуучу ролу” тууралуу айткан. Ал ошондой эле Москва Киев менен диалогго ачык экенин билдирди. Бирок анын пикиринде Украина бийлиги Москванын талаптарын аткарып, “жаңы аймактык реалдуулукту” эске алышы керек.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге оккупацияланган бардык аймактар, анын ичинде аннексияланган Крым кайтарылганда гана Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Түркия Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларга кошулбаган жалгыз НАТОго мүчө өлкө. Ошол эле маалда Анкара Киевге гуманитардык жардам көрсөтүп, Украинага курал-жарак жеткирүүдө. Ошондой эле Түркия жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну көздөп келет.

Орусия өзү басып алган Украинанын аймактарынан 1 миллиард доллардык буудайды чыгарып кеткен

Орусия Украинадан кеминде 1 миллиард долларга бааланган буудайды чыгарып кеткен. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги NASA Harvest’ке (АКШ космикалык агенттигинин эл аралык азык-түлүк коопсуздугуна багытталган долбоору) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган аймактарында болжол менен буудайдын 6 миллион тонна түшүмү жыйналган. Учурда орус аскерлери украин данынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү эгилген аймакты ээлеп турушат. Москва ал аймактарды быйыл октябрдын башында аннексиялаганын жарыялаган.

Украинанын оккупацияланбаган аймагында быйыл 26 миллион тоннадан ашык буудай жыйналган. Бул алгач божомолдонгондон кыйла көп.

Иликтөөдө айтылгандай, Орусиянын кемелери Украинадан жүктөп чыккан эгин түрдүү өлкөлөргө, анын ичинде Ливия менен Иранга экспорттолгон. Бирок орус тарап буудайдын кайсыл жерде жүктөлгөнүн жашырууга аракет кылып жаткандыктан, анын көлөмүн эсептеп чыгуу оорчулук жаратууда.

Октябрдын аягында Financial Times басылмасынын журналисттери бир учурдун мисалында Орусия Украинадан чыгарып кеткен буудай кантип дүйнөлүк базарга чыгып жатканын көрсөтө алган. Анда Запорожье облусунан чыккан жүктүн экспорттук документтери өзгөртүлүп, дан Орусиянын Тольятти шаарынан жүктөлгөнү жазылган. Журналисттердин маалыматына ылайык, Сириянын желеги менен чыккан кемедеги буудай Түркиянын Хопа портунда сатылган. Анда токтоп турган “Павел” аттуу жүк ташуучу кеменин сүрөтүн порттогу жергиликтүү аткаминерлердин бири “Фейсбук” баракчасына жарыялаган.

Украина менен Орусия дүйнөдө эң көп буудай экспорттогон алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. 2021-жылы Украина 12,4 миллиард долларга дан экспорттогон. Согуш башталгандан кийин буудайды деңиз аркылуу экспорттоо дээрлик токтоп калган. Июль айында Москва үч украин портунан дан азыктарын жөнөтүп турууга макулдук берген. Ноябрда буудай экспорттоо келиши дагы 120 күнгө узартылган.

Украина буга чейин Орусияны оккупацияланган аймактардан дан азыктарын чыгарып кетүүгө бир нече жолу айыптаган.

Путин: мобилизациялангандардын 50 миңи Украинада согуштук аракеттерге катышууда

Орусия президенти Владимир Путин мобилизациялаган 80 миң киши ушул тапта Украинада экенин, алардын 50 миңи согуштук аракеттерге катышып жатканын айтты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

“Бизде 50 миң киши согуштук бөлүктөрдө. Калгандары азырынча согуштук аракеттерге катышкан жок. Бирок 80 миңге чейинки киши согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта. Калгандарынын баары – полигондордо”, – деди Путин.

Ноябрдын башында “Медиазона” Украинада набыт болгон 115 мобилизацияланган кишинин аты-жөнүн жарыяланган. Басылма чын-чынында бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Буга чейин коргоо министри Сергей Шойгу мобилизацияланган 300 миңдей кишинин 87 миңи атайын даярдыктан өткөндөн кийин Украинага жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Министр аскерге чакырылган жоокерлер согушка жиберилбей турганын айткан.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан.

Марат Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылып, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болду. Бул тууралуу 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан:

“Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч качан тайбаганыбызды жана мындан ары да ошону карманарыбызды айтып, чек арадагы чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай тереңдеп кетти”.

Иманкулов билдиргендей, Орусия колундагы архивдик документтерди карап бермей болду:

“Биз баарыбыз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Алар баарын изилдеп чыкмай болушту. Маселенин, талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты. Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга жардам бермей болушту”.

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өткөн. Ошондой эле Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу да болгон.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды.

Меню