Menu

Влентина Шевченко

Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуп, 1 млн сом белек кылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, кечээ Кыргызстанга (Бишкек ш.) келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деп белгиледи Президент.

Валентина Шевченко Мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Баарлашуу учурунда ал Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын баса белгиледи.

Валентина Шевченко бул спортчу үчүн мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, себеби бүтүндөй өлкө анын ийгиликке жетишин каалап, анын спорттук жетишкендиктерин колдой турганын белгиледи. Ал спортчу Валентина Шевченкого мындан ары да ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Өз кезегинде Валентина Шевченко Президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

Меню