Menu

Володимир Зеленский

Токаев менен Зеленский гуманитардык байланыштарды талкуулашты

16-февралда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды талкуулашты.

“Токаев Зеленский менен сүйлөшкөндө Казакстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады”, – деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

Акыркы жолу Казакстан менен Украина президенттери телефон аркылуу былтыр ноябрда сүйлөшкөн. Анда Зеленский Токаевди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган.

Бул жолку сүйлөшүү орус армиясы украин шаарларына чабуулду күчөтүп, казакстандыктар украиналыктарга жардам көрсөтүп жаткан маалга туш келди. Жыл башынан бери казакстандык ыктыярчылар Украина үчүн боз үй, сандык, генератор жана башка буюмдарды чогултуп жатышканы жөнүндө көптөгөн маалыматтар тарап жатат.

АКШ Украинага заманбап абадан коргонуу каражаттарын берет

Вашингтон Киевге заманбап абадан коргонуу каражаттарын берет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө билдиргенин Ак үй кабарлады.

Байден Орусиянын дүйшөмбү күнү украин шаарларына жасаган ракеталык соккуларын айыптап, Киевге өзүн-өзү коргоо үчүн зарыл болгон каражаттарды берүүнү улантууну убадалады. Мындан тышкары АКШ президенти Украинанын аймагындагы аракеттери үчүн Орусияны жоопкерчиликке тартууга өнөктөштөрү менен бирге аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Зеленский Байден менен сүйлөшүүсүн жемиштүү деп атап, негизги тема Украинага абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү болгонун ырастады. “Азыр бул биздин коргонуу тармагындагы кызматташтыгыбыздын негизги приоритети болуп эсептелет”, – деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ Киевге коопсуздук жаатында жалпысынан 17 миллиард долларлык жардам берип, Москвага каршы көптөгөн санкцияларды киргизди.

Меню