Menu

Врачтардын камалышы

Наристенин өлүмү: тергөө абагындагы дарыгерлер үй камагына чыкты

Бишкектеги Ленин райондук соту 5-январда наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган беш дарыгердин бөгөт чарасын карап, аларды үй камагына чыгарды.

Башкалаа тургундарынын биринин үч жашар баласынын ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык оорусуна, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган. Буга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгоп, алты дарыгерге айып тагылган. Алардын бири үй камагына чыгарылып, калган бешөө камакка калган.
Бул окуя коомчулукта талкуу жараткан. Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну камактагы кесиптештерине юридикалык жардам үчүн элден каражат чогулта баштаган.
Саламаттык сактоо министрлиги 4-январда камакка алынган дарыгерлерге байланыштуу билдирүү таратып, алардын баары боштондукка жакынкы арада чыгарына үмүттөнөрүн билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө өкүнүчтүү окуя болуп жатканы, министрлик тергөөнүн жүрүшүнө таасир эте албай турганы айтылган.
Мындай окуяларды болтурбоо үчүн медициналык тейлөөнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлганын маалымдаган.

Меню