Menu

Гагадагы Эл аралык кылмыш соту

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусияга карата эки иш ачат

Гагадагы Эл аралык кылмыш соту жакын арада аскердик кылмыштар боюнча Орусияга карата эки иш ачат. Мындан тышкары бул кылмыштарга катышы бар делген бир нече адамдарды камоого ордер берет.

Бул тууралуу 13-мартта Reuters менен New York Times аты аталбаган булактарына шилтеме жасоо менен билдиришти. Азырынча расмий чечим жарыялана элек.

Эгер иш чындап эле ачылса, Украинада согуш башталгандан бери Орусияга карата көрүлгөн алгачкы соттук кадам болуп калат.

New York Times кабарлагандай, эки пункт боюнча айып тагылат: биринчиси – Украинанын жарандык инфратүзүмүн атайлап талкалоо, экинчиси – Украинадан балдары Орусияга алып чыгып кетүү. Киев өспүрүмдөргө карата жасалган мындай мамиледе геноциддин белгилери бар деп эсептейт.

Жакында Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан Украинага барып, кыйраган энергетикалык жана инфратүзүмдөрдү өз көзү менен көрүп кайткан. Reuters кабарлагандай, аткылоолордон жүздөгөн жарандар өлүп, суу жана электр түйүндөрүнүн талкаланганынан миллиондогон украин жашоочулары жабыркады.

Женева конвенциясы жана кошумча протоколдор согушкан тараптарды жарандык объектилер менен аскердик буталарды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык жайларды бутага алууга тыюу салат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 13-мартта жарыялаган баяндамада айтылгандай, ата-энесинен ажыраган балдар оор психологиялык сокку алышкан. Ата-энеси барлар да алар менен жолугуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. Украиналык айрым балдар күчтөп Орусияга чыгарылган.

Киев жана бир катар өлкөлөр орусиялык жетекчилерди жана аскерлерди жоопко тартуунун башка жолдорун да талкуулашууда.

Меню