Menu

Генрих Балян

“Карвен Групп” холдингинин ээси Генрих Балян доочуларына 148 млн сом, УКМКга 60 млн сом төлөп берип, айыбы жок деп акталды

УКМК өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган системалуу иштерди, анын ичинде мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча туруктуу негизде иш алып барууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин тергөө учурунда 97,45% акциясы мамлекетке таандык болгон «Керемет Банк» ААКнын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири кредиттерди берүү аркылуу мыйзамсыз жагдайлары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан «Риола» ЖЧКсына 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредиттин берилишине макулдук берилип, аны колдоо максатында банкка баасы жогорулатып коюлган мүлк берилгени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин ээси Г.Балян күрөөнү мыйзамдуу сатуучу катары чыгып, “Керемет Банк” ААКнын мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен иш алып барганы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин негиздөөчүсү Г. Балян үчүнчү жак статусуна ээ болгонуна карабастан, «Керемет Банк» ААКсы жана көйгөйлүү болгон карыз алуучу «Риола» ЖЧКсы менен жарандык-укуктук келишим түзүү жолу менен мурда ага таандык болгон, Банкта күрөөдө турган кыймылсыз мүлктү сатып алып, ошону менен «Риола» ЖЧКсынын жалпы суммасы 148 млн сом болгон карызын толугу менен төлөп берген.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши токтотулду.

УКМК мамлекеттик башкаруу системасындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык түзүмдөрдөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантат.

Эскерте кетсек, Генрих Балян мурда УКМКнын депозиттик эсебине 60 млн сом төлөп бергени расмий кабарланган.

$2,3 млн суммасындагы алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян кармалды

УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 000 АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Г.Б. жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз,  Г.Б. тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Г.Б. аттуу жаран ушул кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

Меню