Menu

Геосаясат

Эрдоган: Түркия Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Анкара Казакстандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу Астанага сапар менен келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча саммитке келген Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эрдоган эки өлкөнүн “түбөлүк” биримдиги жана кызматташтыгы жөнүндө айтып, Казакстанды “боордош” мамлекет деп атады.

Токаев да Түркияны “боордош” мамлекет деп атап, Анкарага май айында барган учурда кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө билдирүүгө кол коюлганын белгиледи.

Токаев Орусияны кыйгай өтүп, Кытай менен Европаны бириктирген Транскаспий каттамы боюнча жүк ташууну көбөйтүүгө кызыктар экенин айтты. Орусия Украинага кол салгандан бери бул каттам боюнча жүк ташуу эки эсеге көбөйгөн. Москванын агрессиясына байланыштуу көптөгөн коммерциялык компаниялар антиорусиялык санкцияларга кабылып калбоо үчүн Орусия аркылуу өткөн жолдордон пайдаланууну каалабай калышты.

Кытайдан башталган транспорттук коридор Казакстан аркылуу Каспий деңизинин акваториясы, андан ары Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу Европага жол чыгат. Ал 2017-жылы ишке берилген. Казакстан соңку айларда бул каттамды активдүү түрдө өнүктүрүү зарылдыгын айтып келет.

Кремль: Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда Казакстанда өтө турган саммитте Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Украинадагы согуш жана орус-түрк эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болот.

Күн мурун AFP жана dpa агенттиктери Түркиянын расмий адамдарына шилтеме кылып, Эрдоган менен Путин Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити учурунда Астанада жолугуша турганын кабарлашкан.

Буга чейин Түркия менен Орусиянын лидерлери сентябрдын ортосунда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан.

НАТОго мүчө Түркия Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери өзүн Киев менен Москванын ортосунда ортомчу катары көрсөтүп келет. Анкара Москваны сындап, ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана каржылык санкцияларына кошулган эмес.

Эрдоган согушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский сүйлөшүүлөрдү баштайт деген үмүтүн билдирген.

Өткөн жумада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев менен Москва дипломатиядан алыстап кетишкенин айткан. “Украин-орус согушу созулган сайын кырдаал начарлагандан начарлап баратат. Ок атышуу болушунча тез аранын ичинде токтотулушу керек. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот”, – деген Чавушоглу.

Путин украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдарынан кийин өткөн айда Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарында “референдум” өткөрүп, алар Орусиянын курамына кошулганын жарыялаган. Ал Москва Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин да билдирген. Бирок Зеленский Путин менен сүйлөшүү ыктымалдыгын четке кагып, Украина Орусиянын Путинден кийинки президенти менен гана сүйлөшөрүн айткан.

Акылбек Жапаров: "Биз жаңы дүйнө тартиби орноп жаткан мезгилде жашап жатабыз, калыптанып калган евроцентризмден алыстап, Азияга көңүл буруу керек"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-орус инвестициялык форумуна катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы сөзүн улуу колбашчы жана акын Бабурдун ыр саптары менен баштады.

,,Бөтөн жерде унуттасың, адамзат! Адам гана жалгыз өзүн жооткотуп. Жер кезүүдө бир саам кубанычка батпадым! Сүйүктүү Ата-Журтту дегдеп келет адамзат”.

Мен сиздердин көз алдыңыздарга далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, жамаачы кийим кийген сүргүндөгү байкуш дервиштин образы тартылды деп ойлойм, силер туура баамдадыңыздар, себеби, бул ыр саптарында алыста калган мекенге болгон кусалык сезими даана жана таасирдүү берилген. Ошол эле учурда бул саптар Индостан аралына, азыркы Пакистан жана Афганистандын учу кыйырсыз аймактарына ээлик кылган адамга тийиштүү. Бул адам эбегейсиз байлыкка, ага катар дүйнө жүзүнө атагы чыккан британ империясынын таажысынын негизги жасалгасы – ,,Кохинур” алмазына ээлик кылган.

Бул адамдын аты Захиреддин Мухамед Бабур, ал – Улуу Моголдор империясынын негиздөөчүсү”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы бул жолугушуу бекер жерден орун албагандыгын айтты, анткени, дал ушул жерден биздин белгилүү мекендешибиздин улуу сапары башталган.

“Биз байыркы кытайлыктар татаал деп эсептеген өзгөрүү доорунда жашап жатабыз. Биздин жолугушуубуз дүйнөлүк тарыхтагы жана геосаясаттагы тектоникалык өзгөрүүлөр орун алып жатканда өтүүдө.  Кылымдар бою калыптанган түшүнүктөр бузулуп, анын ордуна жаңы дүйнө тартиби орноп жатат. Ооба, бул жеңил эмес, кээде кооптонуу жаратат, ошентсе да бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы жолдорду ачууда. Бул кризис, бирок кризис деген тарыхтын жана прогресстин кыймылдаткыч күчү. Учурда биз болуп жаткан нерселерге дал ушундай көз караш менен карообуз керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн поэтикалык саптарга кайрылуусун Бабурдун алдында бир эшик жабылса, ал экинчи эшикти ача алгандыгы менен түшүндүрдү.

“Ал беш жүз жыл мурун көрсөткөн жол азыр да чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жолу болуп саналат. Биздин алдыбызда эбегейсиз рыноктордун мүмкүнчүлүгү турат. Болгону калыптанып калган евроцентризмден алыстап, Азияга көңүл буруу керек. Бул Ош , Фергана жергесинен Борбор Азиянын гана эмес, бүткүл Азиянын өнүгүүсү, ошондой эле цивилизациялык өздөштүрүлүшү башталышы мүмкүн. Тынчтык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана жакшы коңшулук принциптеринде өнүгүү. Ал эми бул жерде жаңы көз-караш жана мурдагы тарыхый парадигмалардан такыр айырмаланган Россиянын чоң бизнесинин ролу биздин өлкөлөр жана бүткүл Евразия үчүн абдан келечектүү жана эки тарапка тең пайдалуу болушу мүмкүн», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана россиялык ишкерлерди азия рыногунун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурууга чакырды.

“Ал эми биз үч улуу цивилизациянын тогошкон жери катары жемиштүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул үчүн бизде өз көз-карашыбыз, ачыктыгыбыз жана саясий эркибиз бар”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, кыргыз-орус инвестициялык форуму 7-октябрда Баткен шаарында өз ишин баштаган. 8-октябрда форумдун иши Ош шаарында уланууда. Форумга росиялык ишкерлер катышууда.

Форумдун жыйынтыгында 20дан ашык долбоорлорго кол коюу пландалууда.

Алишер Кадиров: Министр Камиловдун Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Өзбекстанда экономикалык көйгөйлөр башталган

Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов март айында өлкө Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айткандан кийин Өзбекстанда экономикалык көйгөйлөр жаралган.

Бул тууралуу “Улуттук кайра жаралуу” (“Миллий тикланиш”) партиясынын лидери Алишер Кадиров Kun.uz сайтына берген маегинде билдирди.

“Абдулазиз Камиловдун ал айткандары Өзбекстандын эң чечкиндүү билдирүүсү болгон. Бирок ал сөздөрдөн кийин бизде бир жумалык экономикалык каатчылык башталган. Өзбекстандын түндүк тараптан океанга чыгуу жолу атайылап бир жумага жабылган. Ушул жөнүндө айтышыбыз керек”, – деди Кадиров.

Экономикалык көз карандылык жөнүндө айткан партия лидери Өзбекстан географиялык жайгашуусунан улам этият болушу керектигин белгиледи.

“Эгер өлкө экспорт кылып, дүйнөлүк базарга чыкпаса эч кандай өнүгүү болбойт. Ооганстандагы тынч эмес абал, биздин ооган коридорун пайдалана албай жатканыбызды – атайылап жасалма түрдө пайда кылынган көйгөй деп эсептейм. Азыр Ирандын Чабахар портун да колдоно албайбыз. Бул эки коридорду ачпай, ар дайым түндүк жолдун зарылдыгын колдогон ким деп ойлойсуз?”, – деди Кадиров.

17-мартта Өзбекстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов парламент Сенатынын жыйынында өлкө Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, ошондой эле өздөрүн Луганск жана Донецк элдик республикалары деп атап алган аймактарды тааныбастыгын айткан.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй Камилов коомчулук алдына чыкпай калган. ТИМ муну министрдин “өнөкөт оорусу” менен түшүндүргөн. Апрелде дипломат 12 жылдан бери иштеп келген кызматынан алынган. Кийин президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана мамлекет башчынын тышкы саясат маселелери боюнча атайын өкүлү кызматтарына дайындалган.

Орусия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Москва 50 миңдей аскер катыша турган кезектеги машыгууга даярданууда. Маневр 1-сентябрда башталат жана бир жумага созулат.

Ага Кытай, Индия, Лаос, Монголия, Никарагуа, Алжир, Сирия, мындан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат.

Машыгуу кургактык менен катар суудагы ар түрдүү операцияларды камтыйт.

Ошол эле маалда Орусиянын Тынч океан флоту менен Кытайдын Аба-деңиз күчтөрү Жапон деңизинин акваториясында деңиз коммуникацияларын жана деңиз экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге катышат.

Орусия Коргоо министрлиги машыгуу коргонуу мүнөзүнө гана ээ экенин жана кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын айтууда.

Меню