Menu

Гурбангулы Бердымухамедов

Бердымухамедов Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болорун билдирди

16-мартта Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышкан Түркмөнстандын Элдик кеңешинин (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан жакын арада бул уюмга мүчө болоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Бердымухамедов: “Түркмөнстан эми уюмга байкоочу эмес, чыныгы мүчө катары катышат”, – деген.

Мындан тышкары ал Түркия президентин Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү колдогон.

Бердымухамедов Эрдоган менен 22 жылдан бери тааныш экенин белгилеп, аны өз эли гана эмес, жалпы мусулман элдеринин бейпил жашоосу үчүн улуу иштерди жасап жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы деп атаган.

2009-жылы бул уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген ат менен алгачкы саммитин өткөргөн. Ал учурда уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болгон. 2019-жылы Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирип, былтыр альянс Түрк мамлекеттер уюму деп аталып калган. Түркмөнстан менен Венгрия азырынча байкоочу макамга ээ.

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду.

Расмий сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» (Түркмөнбашынын Рухий мечити) мечитине зыярат кылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Ошону менен бирге Президент Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий сапарынын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Бердымухамедов «мураскерликтин белгиси» катары уулуна ахалтекин жылкысын белек кылды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовго ахалтекин жылкысын белек кылды.

Ахалтекин жылкы комплексинде өткөн салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидери Ханкервен аттуу жылкынын ысымынын «терең мааниси бар» экенин айтып, ал жашоонун уланышын билдире турганын белгиледи.

“Көптөгөн кылымдар мурда биздин жерлерден өткөн кербендер сыяктуу элдин мыкты салт-санаасы убакыт менен муундарды бириктирип, урпактан урпакка бериле берсин”, — деди түркмөн лидери.

Өз кезегинде өлкөнүн расмий маалымат каражаттары бул окуяны «мураскеликтин белгиси» деп мүнөздөп, Сердарды «элдин уулу» деп аташты.

Президент уулуна үч жаштагы Ханкервен аттуу айгырды 6-июнда, Ахалтекин жылкы комплексине барган маалда берди. Аны түркмөн лидери жыл сайын апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленип келген “Ахалтекин жылкысынын күнүндө” өлкөнүн жылкы өстүрүүчүлөрүнөн белекке алган.

Сердар Бердымухамедовдун коомдук-саясий активдүүлүгү 2016-жылы башталган. Андан бери президент уулуна салтанаттуу түрдө спорттук марафондо символикалык эстафетаны тапшырып, аны “Мурас” аттуу жылкыга мингизип, сейилдеткен.

39 жаштагы Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын вице-премьери, Көзөмөл палатасынын башчысы жана Тышкы иштер министрлигинин жогорку кызматтагы аткаминери болуп эсептелет. Мындан тышкары ал “Түркмөн алабайынын” жана “Ахалтекин жылкысын өстүрүүчүлөрдүн” эл аралык ассоциацияларын жетектейт. Бул эки уюм тең президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен түзүлгөн.

Быйыл апрелде түркмөн лидери уулуна “Эмгек сиңирген ит багуучу” деген наам ыйгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню