Menu

Дарбыз

Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик менен киргизилип келе жаткан 5 тонна дарбыз кармалды

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда КР жараны «К.О.Н.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаасы  кармалган. Бул тууралу КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5000 кг, наркы 100 000 сомду түзгөн дарбыздар табылган. Алар Өзбекстандан Кыргыз Республикасына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылышкан.

Жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

КР Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүлүп берилди.

Оперативдүү бажы Кыргыз Республикасынын «К.О.Н.» жаранына карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 116 865 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Mercedes-Benz» унаасына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Өзбекстандан Кыргызстанга кирген дарбыздардын сапаты текшерилет

Кыргызстанга Өзбекстандан ташылган дарбыздын сапаты текшерилип, көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, бул иштерди “Достук” өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат аткара баштады.

“Дыйкандар өздөрү өндүргөн дарбыздын баасы арзандап кеткенине нааразы. Алар быйыл солярка жана башка айыл чарбага керектүү жабдыктар кымбаттап, дыйканчылык өзүн актабай калганын айтып жатышат. Алар Өзбекстандан чыккан дарбыздын сапатын текшерүүнү суранышкан. Биз тийиштүү адистер менен сүйлөштүк, кечээтен баштап “Достук” өткөрмө бекетинде Ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көзөмөлдөп жатат. Бүгүн “Маданият” өткөрмө бекеттерине мобилдик кызмат барды. Дыйкандар сугат суу маселесин да көтөрүп, аны чечип бердик”, – деди Ызабеков.

23-июнда 300дөй жаран Аксыда митингге чыгып коңшу Өзбекстандан келген дарбыздын сапатын көзөмөлдөп, импортту азайтууну талап кылышкан. Учурда Үч-Коргон аймагында дарбыз бышып, базарда сатылууда. Дыйкандар жергиликтүү дарбыздын баасы түшүп, чыгашаны актабай калат деп кооптонуп турат.

Чогулгандар менен бөлүм башчы Ырысбек Ызабеков жолугуп, “Достук” жана “Маданият” өткөрмө бекеттерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин айткан.

Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 2,5 гектар ашуун жерге дарбыз эгилген. Учурда дарбыздын килограммы 20 сомдон төмөн түшүп кеткендиктен дыйкандар нааразы болуп жатат.

Меню