Menu

дары-дармек

УКМК: мөөнөтү өткөн дарыларды саткан фармкомпаниянын башчысы камалды

КР УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектерди ташып келген фармацевтикалык компаниялардын биринин мыйзамсыз иштери боюнча маалымат келип түшкөн, алар мөөнөтүн мыйзамсыз өзгөртүп, дары-дармектерди өлкөнүн медициналык мекемелерине жана дарыканаларга өткөрүп турган.

    Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык жана кампа жайларында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер жана дары-дармектер алынып, ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттери тастыкталган.

    Тергөө иш-чараларынын алкагында буюм далилдери, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер алынып, дары-дармектердин таңгактарындагы жарактуулук мөөнөтүн бурмалоо белгилерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

    Ошону менен бирге, бул компания өз ишмердүүлүгүндө саламаттыкты сактоо тармагы жана дарыканалар аркылуу, дарыгерлерге жана фармацевттерге акчалай сый акыларды жана бонустарды төлөп берүү менен импорттук дары-дармектерди лоббирлөө мыйзамсыз соода ыкмаларын жана атаандаштыкты колдонгону аныкталды.

    Ошол эле учурда, бул компания балдардын ооруларын дарылоо үчүн колдонулган бир нече тизмеден турган дары-дармектерди да импорттойт, бул деген балдардын ден соолугуна бир топ зыян келтирүү коркунучун жогорулатат.

    Иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишкананын жетекчиси “А.К.” кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө тандалды.

    Азыркы учурда бул компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы жана бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсү аныкталып, тергөөнүн жыйынтыгы менен алардын аракеттерине юридикалык баа берилмекчи. 

Министрлер Кабинети өлкөдөн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салууну киргизди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы тийиш.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

УКМК калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу компаниялардын тобу аныкталды

УКМК Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлдү жана кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды.

Ошол эле учурда, бул компаниялар тобу контролдоочу мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен, салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды.

Бул дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдүн жогоруда айтылган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында өлкөнүн бюджетине салык түшпөгөндүгүнө, жана ошондой эле калкка сатылганда дары-дармектердин, анын ичинде өтө керектүү дары-дармектердин баасынын негизсиз жогорулатылышына алып келет.

Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттыкты сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды. 

Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири “А.В.” аттуу жаран  кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары белгиленип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатат, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу баа берилет.

Меню