Menu

Дастан Бекешев

Бекешев: “Азаттыкты” жабышса коррупция тууралуу жазган башкалар этияттап калышат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эгер “Азаттык” жабыла турган болсо өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) коррупцияны ашкерелеген макала жарыялоодо этияттап калышат деп эсептейт. Мындай пикирин депутат 25-январда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Депутаттын пикиринде, ушундай эле ыкма дагы бир ЖМКга каршы колдонулгандан кийин баары унчукпай калат.

“Жада калса социалдык түйүндөргө жазып жүргөндөр да унчукпай калышат. Медианы оңой эле жаап жатышкан жерде эркиндик менен мүлктү да оңой эле тартып ала беришет”, – дейт Бекешев.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык Медиа” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

УКМК: Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тарабынан КР Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Д.Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн КР УКМК органдарына келген.

Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат.

Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 620585 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Меню