Menu

Дастан Догоев

Дастан Догоев КР санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Дастан Догоевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Вице-премьер Жылдыз Бакашова, министрлер Дастан Догоев, Асел Чынбаева, Кайрат Иманалиевдер кызматтарынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;

— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

Меню