Menu

Даулетмурат Тажимуратов

16 жылга соттолгон каракалпакстандык активисттин адвокаты Жогорку сотко кайрылды

Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу соттолгон Даулетмурат Тажимуратовдун иниси жана адвокаты Ринат Тажимуратов Өзбекстандын Жогорку сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал “Газете.uz” басылмасына билдирди.

Каракалпакстандын биринчи инстанциядагы соту 31-январда “Эл хызметинде” гезитинин адвокаты жана гезиттин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал “Бийликти басып алуу же Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу үчүн кутумга баруу”, “Ири өлчөмдөгү каражатты коромжуга учуратуу же уурдоо”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу”, “Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон жапырт башаламандыктарды уюштуруу” жана “Коомдун коопсуздугу менен тартибине коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажимуратовдун адвокаты агасына тагылган айыптардын дээрлик баары тергөө жана сот учурунда далилденбегенин белгиледи.

Адвокат “Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу” беренеси менен гана макул болуп, бирок муну ким болбосун колдонсо болорун айтты.

Ринат Тажимуратов Жогорку соттон агасынын ишин карап, жеңил жаза берүүнү сурады.

Меню