Menu

Дедовщина

Кыйноого каршы борбор №27 абактагы моралдык-психологиялык абалды изилдөөдө

Кыйноолорго каршы улуттук борбор аскер кызматкери каза болгон №27 колониядагы моралдык-психологиялык абалга кылдат көз салып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эгер абак кайтарган аскер кызматкерлеринин укугу бузулганы тууралуу кайсы бир факт аныкталса чукул арада Жаза аткаруу кызматына, Аскердик прокуратурага жана коомчулукка кабар берилет.

Борбордун өкүлдөрү өз алдынча иликтөө жүргүзүп, абак кызматкерлери жана каза болгон жоокер менен чогуу кызмат өтөгөндөр арасында сурамжылоо жүргүзүп жатышканы, баары эч кандай мыйзам бузуу жок деп маалымат беришкени, окуяны кырсык деп атап жатышканы айтылды.

29-июлда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган жоокер, 18 жаштагы Калыс Абдыкабылов каза болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, өзүн өзү аткан деп билдирген.

Маркумдун жакындары анын өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылууда. Алар жоокер өзүн атып алды деген жүйөгө ишенбей жатышат.

Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Абдыкабылов менен чогуу кызмат өтөгөндөр ал суицидге барбай турган жигит болгонун бир ооздон айтышканын 1-августта Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсесинен билдиришкен. Бул мекеме да окуя боюнча өз алдынча териштирүү жүргүзүп жатат.

Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Абдыкабылов кысымга кабылып жүргөнү тууралуу маалымат тараган.

Былтыр сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда аскер кызматын келишимдик негизде кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы аскер октон каза болгон. Окуяга байланыштуу “Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен иш козголгон. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Жоокердин өлүмү: Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда

Кой-Ташта аскердик бөлүктө каза болгон жоокердин жакындары окуя тууралуу 4-июлда журналисттерге маалымат беришти.

Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты.

4-июлга караган түнү саат 12лерде бала апасы менен телефон аркылуу “жакшынакай сүйлөшкөнүн” айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди:

“Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң? Мен ишенбейм”.

Факт катталганын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, “№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган” деп билдирди.

Жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жатканы айтылды.

Меню