Menu

Джейми Флай

Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды анын өтүнүчү менен кабыл алды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров баардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.

Жейми Флай: Эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.

24-октябрда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесине кат жолдоп, “Настоящее время” телеканалынын Ютуб каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен түз эфирге чыккан берүүсүн алып салууну талап кылган. Министрдин орун басары С.Н.Надырбековдун колу коюлган катта бул материал “коомдогу кырдаалды курчутуп, өлкөнүн беделине көлөкө түшүрөт” деп айтылат жана 24 сааттын ичинде ал материалды өчүрүп салуу талабы коюлган.

Бул арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, Интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

RFE/RL радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президентине нааразылык кат жолдоду

RFE/RL радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, “куугунтуктун жаңы толкунуна жана “Озоди” радиосунун журналисттеринин ишине бут тосуу аракетине каршы” экенин билдирди.

Кат Тажикстандын президентинин аппаратына 31-августта тапшырылды. Ага азырынча жооп боло элек. Бирок буга чейин расмий Дүйшөмбү жалпыга маалымдоо каражаттары эркин иштеши үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөнүн кайталап келген.

Жейми Флай катында Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы май айында болгон окуялардан кийин “Озоди” радиосунун журналисттерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо мурдагыга караганда көп боло баштаганын жазды.

“Озоди” радиосунун, “Настоящее время” телеканалынын кабарчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кол салууга кабылды. Алардан кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонгон электрондук шаймандары алынган”, – деп жазды Жейми Флай.

Ал “Озоди” радиосунун кызматкерлерине карата кысым жана коркутуулар боюнча ондогон учурлар катталганын, мындай окуялар күндөн-күнгө көбөйүп эле баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Ушул жылдын 17-майында “Озодинин” журналисти тоолуу бадахшандык активист Улфатхоним Мамадшоевадан маек алгандан кийин ур-токмокко алынган. Мамадшоева бир күндөн кийин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы башаламандыкка шек саналып кармалган.

“Озоди” радиосунун Инстаграмдагы баракчасында 1,5 миллионго, Ютубда 1,8 миллионго жакын катталуучусу бар. Радионун социалдык тармактардагы баракчалары жана сайты Тажикстанда эл маалымат алган бирден-бир маалымат булагы.

Президент Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда,
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Джейми Флайды кабыл алды.

Баарлашуу жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал, жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Кыргызстанда ММКга, анын ичинде Эркин Европа / Азаттык радиосунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда – сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.

Меню