Menu

Динара Молдошева

Кыргызпатент жана «Курак» Айымдар Форуму» коомдук бирикмеси кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 28-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана «Курак» Айымдар Форуму» коомдук бирикмеси кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Аталган документке Кыргызпатенттин директору Динара Молдошева жана «Курак» Айымдар Форуму» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы Айнура Сагынбаева кол койду.

Жолугушууга Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Касиет Качаганова жана «Курак» Айымдар Форуму» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Нуржан Азимовалар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин, ишканалардын интеллектуалдык менчик жана инновациялык активдүүлүгүн өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулашты.

Динара Молдошева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери, долбоорлору: “StartUp Kyrgyzstan” республикалык сынагы, өлкөнүн ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлорду түзүү,  STEAM билим берүүнү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча иш аракеттер тууралуу айтып берди.

Ошону менен бирге Кыргызпатенттин директору новаторлор жана стартапчылар үчүн идеяларды бизнеске айландыруу боюнча ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жана “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштей турган Кыргызпатенттин инновациялык борборун ачуу боюнча долбоордун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи. Инновациялык борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, чоң коференц-зал,   коворкинг үчүн заманбап аянтча, мындан сырткары көп функцияналдуу иннвациялык лаборатория менен жабдылат.

Өз кезегинде Айнура Сагынбаева «Курак» Айымдар Форуму» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Аталаган эки тараптуу келишимдин негизинде тараптар аялдар арасында  инновациялык ишкердикти жайылтуу жана таратуу, инновациялык ишкердикти  өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, шыктандыруу жана “StartUp Kyrgyzstan” республикалык сынагын өткөрүү жана уюштуруу боюнча иш алып барат.

Меню