Menu

Дмитрий Козак

Кремлдин Кыргызстан боюнча "куратору" Дмитрий Козак Бишкекке келип кеткени маалым болду

Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак өткөн жумада Кыргызстанга келип кеткени белгилүү болду. Бул маалыматты “Азаттыктын” бир нече ишенимдүү булагы ырастады.

Козактын бул сапары тууралуу Бишкек да, Москва да расмий маалымат тарата элек. “Азаттык” президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы менен байланышып комментарий ала алган жок.

19-апрелде Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Орусиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда 12-октябрда Кремлдин өкүлү Козак Кыргызстанга ошол учак менен келгенин журналисттер аныкташкан.

5-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулаган.

22-апрелде министр Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды.

Президент Садыр Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Меню