Menu

Драка

ТИМ: Москвадагы чыр-чатактан жаракат алган 4 кыргыз жаранына консулдук жардам көрсөтүлүп жатат

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган 4 Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу социалдык тармактарда  тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Учурда Россия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат.

Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Андыктан Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырат.

Меню