Menu

Ду Дэвэнь

Кытай Сары-Жаз дарыясында ГЭС курууга кызыктар

Учурда, өлкө аймагында ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Мамлекет бул үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.

Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрация башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. МинКаб төрагасы менен бирге Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

 

Бакыт Төрөбаев кытай элчиси менен "Бедел" өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, көзөмөл бекеттеринин ишин жакшыртууну, соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону жана кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады.
Андан сырткары, жолгушууда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө сөз болду.
“Жакын арада президент Садыр Жапаровдын Кытайга мамлекеттик сапары жана өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иш сапары болот. Мындан улам биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем”, – деген Төрөбаев.
Учурда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында Нарын облусунда “Торугарт”, ал эми Ош облусунда “Эркечтам” өткөрмө бекеттери иштейт.

Арзыбек Кожошев: Бишкек шаарындагы жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Видео - Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы 1,25 млн доза вакцина жеткирилди

Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы жеткирилди.

Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнге Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет», – деди ал.

Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы келип жаткандыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргызстандыктарды вакцинация боюнча кампанияга активдүү катышууга чакырды.

«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация – коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого – маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз», – деди Улукбек Марипов.

Кыргыз Республикасындагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өлкөгө вакцинанын келиши, вакцинациялоонун темпин тездетүү республикадагы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын ден соолугун коргоого мүмкүндүк түзөт деп ишеним билдирди.

 

Меню