Menu

Дүйнөлүк банк

Дүйнөлүк банк: Өзбекстанда олигархтардын түзүлүү тобокелчилиги жогору

Өбекстанда 2025-жылга карата керт башынын кызыкчылыгы үчүн бийликти тартып алуу эң жогорку чегине жетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк экинчи жолу жүргүзгөн  “өлкөлөрдүн ыраттуу диагностикасында” айтылат.

Баяндамада постсоветтик аймактарда түзүлгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Орусия менен Украинада мамлекетти басып алуу жана олигархтардын түзүлүшү реформа жараяндарынын маанилүү эки айлампасында болору айтылат. Бул мамлекеттик көзөмөлдүн кыскарышы, жерлерди жана мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке чыгаруу менен коштолот.

Бул эки этап тең өзбек өкмөтү аныктаган манилүү артыкчылыктарга кирет.

Постсоветтик мейкиндиктеги өткөөл экономикадан алынган сабактар көрсөткөндөй, негизинен жеке кызыкчылыктын эки түрү бар:

– менчиктештирүүнүн жыйынтыгы менен жаңы ресурстарга көзөмөл кылуу

– реформа жараянына кедерги жаратуу.

Дүйнөлүк банк мамлекетти басып алуунунун негизги каналдарынын бири атайын, ачык-айкын эмес жеңилдиктерди берүү болуп эсептелерин белгилейт.

Постсоветтик чөлкөдөгү башка өлкөлөрдөй эле Өзбекстанда да жакшы байланыштары бар бизнес президенттин, өкмөттүн чечимдери аркылуу өзүнө өзгөчө мамиле жасоого макулдашып алуу мүмкүндүгүнө ээ. Маселен, аларга салык, бажы жеңилдиктери берилет. Ресурстарга ээ болуп, потенциалдуу атаандаштарга жаңы барьерлер түзүлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Республикадагы 20 шаарда эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар жана реформалар талкууланды

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы рыноктук экономикага социалдык жактан багыт алган өлкө бойдон калууда.

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын эң көп жогорулатуу жүргүзүлдү, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү. Бул багытта министрлер кабинети чоң пландарды коюп жатат. Анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда», – деди Акылбек Жапаров. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу максатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр эл аралык адистер изделип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле билим берүү тармагын реформалоо иштери жүрүп жаткандыгы, анда кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

Өз кезегинде Фадиа Саада Дүйнөлүк банк министрлер кабинетинин адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча демилгелерин кубаттай тургандыгын баса белгилеп, пландарды ишке ашырууда системалуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Меню