Menu

Дүйнө калкы

БУУ дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жеткенин билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча 15-ноябрда дүйнө калкынын саны 8 миллиард кишиге жетти. Мындай маалымат World Population Prospects 2022 баяндамасында жазылган.

“15-ноябрда дүйнө калкынын саны 8 миллиард кишиге жетет деп күтүлүүдө жана ал адамзат өнүгүүсүндөгү эң маанилүү учурлардын бири болуп калат. Бул өсүүнүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли адамдардын тамак-ашы, жеке гигиенасы жана медицинасы оңолуп, саламаттыгы жакшыргандан кийинки жашоо узактыгынын көбөйгөнүнө байланыштуу”, – деп жазылган баяндамада.

БУУнун маалыматына караганда, дүйнө калкы 7 миллиарддан 8 миллиардга жетиши үчүн 12 жыл талап кылынган. 9 миллиардга жетиши үчүн 15 жыл керек деп болжолдонууда. Бул дүйнө калкынын санынын өсүүсү жайлап калганын көрсөтүүдө.

Баяндамага ылайык, дүйнө калкынын саны 8,5 миллиард кишиге 2030-жылы, 9,7 миллиардга 2050-жылы жана 10,4 миллиард кишиге 2080-жылы жетет деп күтүлүүдө.

Меню