Menu

Дүйшөн Сатыбалдиев

Мамлекеттик каттоо кызматынын департаментинин төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды

Бишкек ш.ИИББнын тергөө кызматы, сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандыгын Турция жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерде, камакка алынган жаран С.Д., мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин төрагасы болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 жана 99-беренелерине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Меню