Menu

Дөө Чыңгыз

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Бишкектеги № 1 тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иликтөөнү баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту (“өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакта, тергөө башталды.

“Ал эми Бишкектин № 1 тергөө абагынын (№ 21 мекеме) жетекчилиги боюнча иш атайын прокуратурага каттоого алынды. Азыр иликтөө башталды, бүткөндөн кийин жетекчиликке юридикалык баа берилет”, – деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деп таанылган Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде киши колдуу болуп каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.

“Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алган. Окуянын чоо-жайын тийиштүү тергөө органдары териштирип жатат”, – деп жазылган ЖАМК тараткан маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда кармаган. Атайын кызмат ал опузалап акча талап кылууга шек саналып отургузулганын билдирген.

“Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 15-июлда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды. Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын карап, 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

Ага чейин – 8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн айрым маалымат каражаттары жазган. Интернетке “Мерседес-Геллендваген” үлгүсүндөгү жол тандабасты тороп атайын кийимчен адамдар чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрсөткөн видео тараган.

Андан кийин УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.

Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү моргдон 31-июлда туугандарына берилип, 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылындагы мүрзөгө коюлду.

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду (“Дөө Чыңгыз”) абакта мууздап салышты

Бүгүн, 30-июнда Бишкек СИЗО-1де кримтөбөл Чынгыз Жумагуловду (“Дөө Чынгыз”) камералашы кекиртектен мууздап салганы белгилүү болду.

Аны өлтүрүүгө шектелген камералашы жасаган кылмышын мойнуна алып, Дөө Чынгызды жек көргөндүктөн мындай ишке барганын билдирди.

Азыр тергөөчүлөр керектүү экспертизаларды дайындап, кылмышты кеңири иликтеп жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Чынгыз Жумагуловду 15-июлда УКМК бир ишкерден опузалап ири суммадагы акча талап кылганы үчүн камакка алган эле.

Меню