Menu

Евразиялык экономикалык биримдик

Кыргызстанга ташылып келе жаткан 500дөй автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашык автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу журналисттерге машине ташып иштеген ишкелердин бири Данияр Салякаев билдирди

Анын айтымында, Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатат.

“Эмне үчүн кармап жатышкан себебин айтышкан жок, текшерүүнүн убактысы тууралуу да бизге маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет деп айтууда. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Алгач 15-мартта өткөрөт дешкен, эми апрелдин аягына чейин деп жатышат. Автоунаа токтоочу жайдын акысы же айып пул деп, колубузга чоң суммадагы акчаны төлө деп койсо кандай болот деп чочулап жатабыз”, – деди ал.
Салякаевдин айтымында, бул көйгөйгө АКШдан, Европадан Кыргызстанга унаа ташып келе жаткан бардык ишкерлер дуушар болууда.
Ишкерлердин суранычы менен бул маселе боюнча Кыргызстандын Минскидеги элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолугуп, сүйлөшкөн. Анда беларус тарап 2022-жылдын сентябрынан тартып, кыргызстандык автоунаа ташуучулар ЕАЭБге алып кирип жаткан машинелерге анализ жүргүзө баштаганын билдирген. Мунун себеби катары автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгенин белгилешкен.
Кыргызстандык ишкерлер бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында, уюмдун экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранууда.
АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат.

Тажикстан ЕАЭБге (Бажы союзуна) кирүүгө шашылбайт

Тажикстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү маселесин иликтөөнү улантат.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода 2-августта өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБге кирүү боюнча алдын ала эч кандай макулдашуу жок экенин айтты.

“ЕАЭБ –жаш бирикме. Кандай гана өлкө болбосун, кайсы бир уюмга кирерден мурун “плюс” жана “минустарын” анализдеп чыгат. Ушул тапта биз коңшулардын тажырыйбаларын эске алуу менен талдоо гана жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирүү боюнча азырынча чечим кабыл алынган жок”, – деди министр.

Буга чейин Орусия Тажикстандын ЕАЭБге кирүүсүнө кызыктар экенин бир нече жолу билдирген.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар – жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент жана Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда чоң убадалар менен киргизилген. Бирок ал убадалар аткарылган жок.

Меню