Menu

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши

Акылбек Жапаровдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.  

Төмөндө билдирүүнүн текстин келтиребиз:

«Бүгүн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Евразиялык экономикалык комиссиянын алгылыктуу ишин белгилеп кетким келет. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.

Тараптар төмөнкү маалыматтарды угушту:

– Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору үстүндө иш алып баруу жөнүндө;

– Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту. Мындан тышкары, евразиялык интеграциянын алкагында өз ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу жүрдү.

Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт деп ишенем».

ЕАЭБ: Кыргызстан кайрадан биримдиктеги тоскоолдуктарды атады

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Кеңири форматтагы жыйындын башында сүйлөгөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдикте товарларды, жумушчу күчүн жана капиталды эркин жүгүртүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын жана аны чечүүнүн механиздерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушкан. Ушул эле күнү аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Меню