Menu

Евробиримдик

Чолпон-Атада "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышат.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Bloomberg: экинчи даражадагы санкциялардын бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн

Евробиримдик өлкөлөрү экинчи даражадагы санкциялардын механизмин түзүүдө. Бул Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөгө чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Механизмдин биринчи бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги окуядан кабардар жашыруун булактарына таянуу менен билдирди.

“Бул куралдын негизги максаты – үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу болот. Эгер бул ишке ашпаса, альянс экинчи кадам катары максаттуу чектөөлөрдү киргизе алат”, – деп билдирди Bloomberg.

Агенттик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин бул өлкөгө Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн бир катар товарлар, атап айтканда, “жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар жана башка технологиялардын импорту кескин көбөйгөнүн белгиледи.

ЕБ Орусия бул компоненттерди дрондорду жана ракеталарды иштетүү үчүн керектеп жатканын ырастоодо.

Агенттиктин маалыматына караганда, 19-21-май аралыгында Жапонияда өтө турган “Чоң жетилик” саммитине чейин ЕБ ичинде механизмди макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кайсы товарлар жана өлкөлөр экинчи даражадагы санкциялардын тизмесине кирери боюнча чечимди шаркеттин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышы керек.

Агенттик бул механизм жакынкы келечекте Кытайга каршы колдонулушу күмөн экенин, бирок анын “негизги багыты” Борбор Азия мамлекеттери жана “Орусиянын түз коңшулары” болорун жазган.

Евробиримдик Кыргызстанга кыйыр санкция коркунучун эскертти

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан

Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Орусияга каршы санкцияларды колдобогон өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө курал болбошу керектигин эскертти.

Салливан Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн Борбор Азия өлкөлөрүнө товар сатуу 300% чейин өскөнүн белгилеп, бул товарлардын акыркы жеткен жери кызыктырып жатканын айтты:

“Сөз болуп жаткан 300% бул Евробиримдиктен Кыргызстанга экспорттолгон товар. Мындан тышкары, Европа Биримдигинен Бириккен Араб Эмираттарына, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга, Грузияга, Сербияга экспорт көбөйдү. Евробиримдик мурда Орусияга экспорт кылып, бирок санкциялардан кийин токтотуп койгон товарларды ташуу өстү”.

ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү булардын бардыгы тең санкциялык тизмеге киргизилген товарлар экенин ырастап, анын ичинен согуштук аракеттерге колдонулчу товарлардын ташылып жатканына кабатырлануусун билдирди. Анын айтымында, тетиктери орусиялык курал-жарактардан табылган 770 товар аныкталган. Салливан бул товарлар Орусиянын Украинадагы согушун улантуусуна мүмкүнчүлүк бере турганын белгиледи.

Буга чейин Украинадагы согушка байланыштуу Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 10 пакетин бекиткен.

“Биздин милдет – санкциялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу. Соода агымын талдап чыккандан кийин биз олуттуу өсүштү белгилейбиз, мурда мындай болгон эмес. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстан мындай жалгыз өлкө эмес экенин белгилейм. Мен Бириккен Араб имараттарында, Түркияда болдум. Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга да баруу ниетим бар”, – деди ал.

Салливан экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Орусияга сатылуусуна жол бербөө үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин айтты.

Ошол эле маалда ал азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнө кыйыр санкцияларды киргизүү жөнүндө сөз жок экенин белгилеп, учурда дипломатиялык сүйлөшүүлөргө гана басым жасалып жатканын кошумчалады.

Буга чейин айрым батыш басылмалары Орусияга Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүнө чектөө киргизиши ыктымалдыгын жазган.

"Талибан" кыз-келиндердин жогорку окуу жайларда окуусуна тыюу салгандан кийин Европа биримдиги ооган кыздарын Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда окута баштады

“Талибан” кыймылы ооган кыз-келиндеринин жогорку окуу жайларда билим алуусуна тыюу салгандан кийин Европа биримдигинин (ЕБ) каржылоосу менен алардын Борбор Азия өлкөлөрүндө окуусуна жол ачкан долбоор кайрадан иштей баштады.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө беш жылдык стипендияларды алган 105 ооганстандык кыз Борбор Азия өлкөлөрүнө келип, окууларын баштаганы турушат.

Долбоорду жетектеп жаткан БУУнун Өнүктүрүү фондунун Казакстандагы өкүлчүлүгү өлкөнүн жогорку окуу жайлары 50 ооган студентин кабыл аларын билдирди. Калган 30 кыз Өзбекстандын, 25 кыз Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алышат. Алар окуусун 2027-жылы аякташат.

ЕБ ооган кыздарын окутуу боюнча академиялык долбоордун биринчи жана экинчи баскычтарына 5,5 миллион доллар бөлгөн. Азырынча долбоор мындан ары уланар-уланбасы белгисиз.

Долбоордун биринчи баскычы Ооганстанда бийликке талибдер келгенге чейин башталып, 50 кызга 2025-жылга чейин Казакстан менен Өзбекстанда билим алууга толук стипендиялар берилген.

Эгер долбоор пландагыдай уланса, 155 ооганстандык кыз Борбор Азия өлкөлөрүндө түрдүү багыттар боюнча дипломдорду алышат: айыл чарба, каржы, кен казуу, инженерия, маркетинг жана информатика.

Евробиримдик Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 млн. евро бөлөт

Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын санариптештирүү тармагын өнүктүрүүгө 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү чечим тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Европа комиссиясынын эл аралык кызматташтык боюнча башкы директору Петерис Устубстун жолугушуусунда кабыл алынды.

“Жолугушууда көп жылдык индикативдик программанын алкагындагы долбоорлорду улантуу, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы долбоорлордун алкагында 3 миллион евро колдоо көрсөтүү боюнча макулдашуулар жетишилди”, – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын бийлиги бир нече жылдан бери мамлекеттик мекемелерге санариптештирүү киргизилип жатканын билдирип келет. Президент Садыр Жапаров бир канча жолу мамлекеттик органдарды кеңсе кагаздарын колдонууну кыскартып, электрондук документ жүргүзүүгө өтүүгө чакырган. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чара кагаз колдонууну 50% кыскартып, жылына 112 миллион сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Болот Темировдун иши боюнча Евробиримдиктин билдирүүсү

Европа Биримдиги белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темировду айыптоолордун көпчүлүгү боюнча актаган соттун кечээки чечимин кубаттайт. Биз Кыргызстандын өкмөтүн адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, тиешелүү даттануу процессинде акыйкат соттук териштирүүнү камсыз кылууга чакырабыз.
Евробиримдик кесибин аркалаган бардык журналисттердин сөз эркиндигин жана жеке коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Евробиримдиктин мониторинг боюнча миссиясы Кыргызстанда ПЖС+ талаптарына төп келүү боюнча диалог өткөрөт

Кечээ, 12-сентябрда Бишкекте Европа Биримдигинин Преференциялардын жалпы схемасына мониторинг жүргүзүү боюнча миссиясы башталды (ПЖС+ ЕБ). Буга байланыштуу анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министринин орун басары Исаева Вероника айым менен жолугушту. Айта кетсек, 2016-жылдан бери ПЖС+ бенефициары катары Кыргызстан март соода преференцияларына ээ болуп, Евробиримдигине кеткен товарлардын 66%ын нөлдүк тариф менен экспорттоп келет.
Миссиянын негизги максаты – Кыргызстандын өкмөтү, ошондой эле жергиликтүү кызыкдар тараптар, анын ичинде жарандык коом, бизнес, профсоюздар жана эл аралык өнөктөштөр менен ПЖС+ талаптарын сактоо боюнча диалог жүргүзүү. Диалог адам жана эмгек укуктары, климат жана айлана-чөйрө жана мамлекеттик башкаруу боюнча 27 эл аралык конвенцияны камтыйт.
Баалоодон кийин 15-сентябрда Бишкекте жыл сайынкы Евробиримдик-Кыргызстан адам укуктары боюнча диалогу өтөт. Диалогдун жүрүшүндө тараптар адам укуктарын, негизги эркиндиктерди жана мамлекеттик башкаруу боюнча өлкөдөгү кырдаалды жана
учурдагы кырдаалды талкуулашат. Ага Евробиримдиктин миссиясынын мүчөлөрү жана түрдүү министрликтер менен мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү катышат.
ПЖС+ программасы жөнүндө ПЖС+ – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоп келген, туруктуу өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу үчүн Евробиримдиктин өзгөчө стимулу. ПЖС стандартынын талаптарын аткаруудан тышкары, ПЖС+ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан 27 эл аралык конвенцияны ратификациялап, натыйжалуу колдонууга милдеттүү. Өз кезегинде Евробиримдик тариф линияларынын үчтөн экисинен ашыгы үчүн импорттук алымдарды нөлгө чейин азайтат. Кыргызстан дүйнөнүн тогуз өлкөсүнүн катарында ПЖС+ бенефициарларынын тизмесине кирет.

Евробиримдик Каракалпакстандагы окуяны ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды

Европа биримдиги Өзбекстанды Конституцияны өзгөртүү сунушталгандан кийин Каракалпакстанда болгон кандуу окуяларды ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

“Биз кишилердин жабыркаганына жана өлгөнүнө өтө өкүнүп жатабыз. Окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Президент Мирзиёевдин калк нааразылыгынан кийин кабыл алган чукул чечимдерин кубаттайбыз. Биз бардык тараптарды зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн сабырдуулукка чакырабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЕБ өзбек бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укуктарын коргоого үндөдү:

“Европа биримдиги Өзбекстан менен бекем жана өнөктөш мамиледе. Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойбуз жана эл аралык нормалар менен алдыңкы тажрыйбалардын негизинде бул жараянды жарандар жана кызыктар тараптар менен кеңешип жасоого чакырабыз”.

4-июлда Өзбекстан прездиенти Шавкат Мирзиёев Европа кеңишинин президенти Шарль Мишель менен телефондо сүйлөшкөн.

Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымдагандай, Нукустагы толкундоолордон 18 киши өлүп, 243ү жаракат алды.

Евробиримдик 2022-жылдын аягына чейин Россиядан нефть импортун 90%га кыскартуу чечимин кабыл алды

“Москва тандоо алдында турат: согушту колдоо же элине кам көрүү”, – деп билдирди кечээ, 4-июлда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел. 

“Россияга каршы санкциялар пайдалуубу? Ооба, алар Владимир Путинге жана анын жан-жөкөрлөрүнө азыртадан эле катуу сокку урууда жана алардын орус экономикасына тийгизген таасири убакыттын өтүшү менен күчөйт”, – деди ал.

“Россия Украинага басып кирип, эл аралык мыйзамдарды атайын бузгандыктан, ЕБ Москвага каршы алты санкция пакетин кабыл алды. Азыркы учурда биздин чаралар Россияда дээрлик 1200 жеке жана 98 юридикалык жактарына, ошондой эле Россиянын экономикасынын бир топ секторлоруна багытталган. Бул санкциялар G7 мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча кабыл алынган. Алардын натыйжалуулугу кырктан ашык башка өлкөлөрдүн (анын ичинде салттуу нейтралдуу өлкөлөр да) кабыл алышы же ушуга окшогон чараларды көрүү менен жогорулайт”, – дейт Боррел.

“2022-жылдын аягына чейин биз россиялык нефть импортун 90% кыскартабыз жана газ импортун тездик менен азайтып жатабыз. Бул чечимдер акырындык менен бизди Владимир Путиндин агрессиялуулугуна каршы саясий тандообузга тоскоол болгон көз карандылыктан арылтууда. Ал Европа энергетикалык көз карандылыгынан улам санкция салууга барбайт деп эсептесе керек. Бул жаңжал учурунда россиялык режиминин көптөгөн жаңылыш эсептөөлөрүнүн эң азы эмес. Албетте, Россиянын энергетика тармагынан мындай тездик менен ажыратуу ЕБнин көптөгөн өлкөлөрү жана экономиканын айрым тармактары үчүн да олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бирок бул биздин демократияны жана эл аралык укукту коргоо үчүн төлөшүбүз керек болгон баа жана бул маселелерди толук тилектештик менен чечүү үчүн зарыл кадамдарды жасап жатабыз”, – деп жыйынтыктайт Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррел.

Меню