Menu

Европа кинофестивалы

Европа Биримдиги күнүнө арналган кинофестиваль Бишкек жана Ош шаарларында өттү

Европа күнүнө карата Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында жыл сайын өтүүчү европалык кинофестивалын уюштурду.

Фестиваль 21-майдан 4-июнга чейин Бишкек шаарында «Ала Тоо» жана Ош шаарында «Семетей Кинобокс» кинотеатрларында өттү. Балдарды кошкондо 1400гө жакын адам европалык 11 тасманы, анын ичинде мультфильмдерди көрүштү. Андан тышкары, фестиваль дагы бир маанилүү датаны – ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдыгын белгиледи. 

Саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы жана ЕБ КР Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, Раймонд Вингрис мырза төмөндөгүлөрдү айтты: «Жыл сайын биз Европа күнүн эки иш-чара менен белгилейбиз: кинофестиваль жана Европа айылы. Бул биздин Өкүлчүлүктүн жакшы салтына айланып баратат. Биз жергиликтүү көрүүчүлөрдү Европанын эң мыкты тасмаларын көрүүгө чакырабыз. Быйыл КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин киноматография департаменти фестивалды уюштурууга кошулганына кубанычтабыз, жана кийинки жылдарда кызматташуубуз кеңейишине үмүттөнөбүз».

Белгилей кетсек, бардык тасмалар – Берлин жана Канн кинофестивалдарынын катышуучулары жана номинанттары. Тасмалар түп нуска тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлдү.

Фестивалга катарлаш Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү Кыргызстандын кинематографисттери үчүн видеофильмдерди тартууда көрүүчүлөрдүн дизайны боюнча мастер-класстарды уюштурду. 30дан ашык жаш кинорежиссерлор, продюсерлер жана видеографтар «Берлинале – дүйнөлүк кино» Фондунун мүчөсү, Испанияда жана Германияда тажрыйбасы бар мугалим жана социолог Изона Адметлла менен аудиторияны куруу жана биргелешип кино тартууну талкуулашты.

«Мастер-класстын мазмуну жаңы жана актуалдуу болду. Аудиториянын дизайнынын маанилүүлүгүн баарыбыз эле түшүнбөсөк да, чындыгында көптөр үчүн пайдалуу болот деп ишенем», – дейт мастер-класстын катышуучусу Нурлан Анарбаев. «Изона бөлүшкөн билими жана тажрыйбасы, ошондой эле биздин ишибиз боюнча анын пикири биз үчүн маанилүү».

Буга кошумча, катышуучулар учурдагы долбоорлорун жана кино идеяларын Изона Адметллага сунуштай алышты. Жаш адистердин мүмкүн болгон кызматташуу жана келечектеги сын-пикирлер үчүн кино эксперти менен байланышып турушу күтүлүүдө.

Меню