Menu

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ)

ЕРӨБ быйыл Кыргызстандын экономикасы 7% өсөт деп болжолдоодо

Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% өсөт. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) божомолунда жазылган.

Анда кыргыз экономикасынын өсүүсүнүн негизги факторлору катары Орусиядагы мигранттарга болгон суроо-талап, орус капиталы менен жогорку квалификациялуу жумушчулардын Кыргызстанга көчүүсү жана салыкты башкарууну жакшыртуу көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго салынган инвестициялар орто мөөнөттүү келечекте ички дүң өнүмдүн өсүүсүнө түрткү болору белгиленген.

Ошол эле маалда ЕРӨБ насыялоо шарттарынын катаалдашуусуна жана Орусиядан акча которууларга болгон көз карандуулукка байланышкан тобокелдиктер сакталып каларын жазган.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин болжолдуу баасына таянып, 2023-жылдын төрт айында өлкөнүн ички дүң өнүмү 264,5 миллиард сомду, экономиканын чыныгы өсүү темпи 4,4% түзгөнүн билдирген.

Март айында Министрлер кабинети Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү сценарийин колдогон. Ага ылайык, 2023-жылы экономикалык өсүүнүн темпи 4,5% деңгээлде болот деп күтүлүүдө.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17,87 млн евро берет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев маалымдагандай, Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейин Улуттук өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган жана экономикалык өсүштү тездетүү жана ата мекендик экономиканы дүйнөлүк процесстерге интеграциялоо негизги милдет бойдон калууда.

«Кыргыз Республикасынын 2050-жылга карата көмүртектин нөлдүк эмиссиясына жетишүү боюнча милдеттенмесинин алкагында келечекте жашыл экономикага өтүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Жакында эле энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды, анда чакан гидроэнергетикага укуктук нормаларды жөнгө салуучу, көмүртек колдонбостон энергия булактарына өтүү үчүн жеңилдетилген тарифтер белгиленген», – деди ал.

Адылбек Касымалиев көптөгөн инвесторлор азыртадан эле чакан ГЭСтерди жана күн станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып жатканын белгиледи.

«Бул долбоорлорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексиндеги “жашыл” экономиканы жана аз көмүртектүү технологияларды колдоо боюнча ченемдер өбөлгө түзөт. Муну эске алуу менен биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын бир гана гидроэнергетикага жана анын альтернативдүү булактарына эмес, жашыл экономика тармагындагы башка өз ара пайдалуу чөйрөлөргө инвестициялоо аркылуу кызматташууга чакырабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо өз кезегинде кыргыз делегациясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары каржы институту Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жардам көрсөтүп келгендигин белгиледи.

«Учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча стратегиясын жактайт. Биздин инвестициялык долбоорлордун жарымы учурда “жашыл” багытта болуп саналат жана бул дагы бекемделип, кеңейтилет», -деди Одиль Рено-Бассо.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маанилүү приоритети мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында кичи жана орто бизнести колдоо бойдон калууда.

«Учурда биздин кардарларыбыз саналган бизнес-компаниялар Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү “жашыл” долбоорлорго кызыкдар жана алар үчүн маанилүү позициялар боюнча жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Биз дагы дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин күчөп бара жатканын эске алуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы аракеттерибизди улантышыбыз керек. Биргелешкен аракеттердин дагы бир багыты бул жаш муундун дараметин эске алуу менен санариптештирүү тармагы саналат”, – деп белгиледи Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17,87 млн евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду.

Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тараптан аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.

USAID менен ЕРӨБ Борбор Азиянын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча өнөктөшүүдө

 Казакстан – Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Борбордук Азия өлкөлөрүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергияны үнөмдөө, энергияны сактоо жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешип иш баштады.

USAID менен ЕРӨБ бүгүн Борбордук Азиядагы декарбонизация боюнча демилгелери боюнча кызматташууну кеңейтүү үчүн өз ара түшүнүшүү Меморандумуна (ӨТМ) кол коюу менен климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча өз өнөктөштүгүн бекемдеди. USAIDдин Азия боюнча администраторунун жардамчысынын орун басары Анжали Каур жана Борбор Азия боюнча ЕРӨБ Башкаруучу директору Жужанна Харгитай өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту, ал өнөктөш Алматы энергетика жана коммуникация университетинде (АУЭТ) анын илим жана инновация боюнча проректору Алмаз Саухимовтын жетекчилиги астында өткөрүлгөн, USAID аны менен бүткүл Борбордук Азия боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары жана техникалык тажрыйба боюнча окуу программаларын жакшыртуу үчүн  кызматташып келет.

Өзүнүн кириш сөзүндө Каур айым мындай деди: “АКШ жана Борбордук Азия мамлекеттери азыркы замандын эң чоң чакырыктарынын бири – глобалдык климаттык кризисти чечүү боюнча бирдиктүү көз карашта. Электр энергиясын өндүрүү дүйнө жүзү боюнча энергетика секторунан чыккан CO2 эмиссиясынын 40 пайыздан бир аз ашыгын түзгөндүктөн, климаттын өзгөрүшүн азайтуу боюнча ар кандай аракеттер көбүрөөк керектөөчүлөрдү азыраак баада энергия менен камсыз кылуу үчүн электр системаларын жаңылоону камтышы керек. Биз Борбордук Азиянын энергетикалык талаптарын заманбап таза энергия менен канааттандыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттерибизди бекемдөө үчүн ЕРӨБ менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койгонубузга абдан кубанычтабыз».

Таза энергетика боюнча иш-чаралары аркылуу USAID Борбордук Азиядагы өкмөттөр жана университеттер менен бардык жамааттар үчүн энергиянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап энергетикалык технологияларды колдонууну кеңейтүү жана региондогу жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарына жеке сектордун инвестициясын тартуу максатында  өнөктөшүп  жатат. 

Акыркы он жылдын ичинде USAID Борбордук Азияда экономикалык жактан алгылыктуу рынокко негизделген аймактык энергетика системасынын пайдубалын түптөөдө негизги ролду ойноду. USAID ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү, энергиянын эффективдүүлүгүн, энергетика тармагын санариптештирүүнү жана киберкоопсуздукту жогорулатууну колдоо үчүн ченемдик укуктук базаны күчөттү. USAID жергиликтүү потенциалды жогорулатуу, кызматташтыкты өнүктүрүү жана жеке сектордун рыноктук чечимдерин колдоо үчүн бир катар жергиликтүү жана аймактык өнөктөр менен иштейт.

Маалымат үчүн: USAID өнүгүү боюнча  алдынкы эл аралык өнүктүрүү агенттиги болуп саналат жана туруктуу жетишүү үчүн катализатор катары иш алып барат.

Меню