Menu

ЕККУ – ОБСЕ

Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырды

“Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууга Тажикстандын ролун эл аралык иликтөөгө чакырды.

Укук коргоочу бул тууралуу 4-октябрда Варшавада өтүп жаткан Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Мамасалиева Тажикстанды Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салды деп айыптап, чек арадагы кагылышууга Орусиянын да таасири бар деген пикирин билдирди.
“Тажикстан былтыр апрелдеги куралдуу кол салуусунда Кыргызстандын он жай тургунун туткунга алган. Алардын тажик аскерлери жана милициясы тарабынан түрдүү кыйноолорго кабылганын Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун дарыгерлери жана юристтери тастыктаганына карабай, бул ишке алигүнчө баа бериле элек. Быйыл, сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына алдын ала даярданып кол салды. Бул аракети менен Тажикстан Кыргызстандын элин мекендеп келген жеринен сүрүп чыгаруу максаты бар экени ачык билдирди. Биз Тажикстандын бул баскынчылыгы постсоветтик аймактагы айрым өлкөлөр – Украина жана Грузия кабылып жаткан аскердик жаңжалдар менен байланышы бар деп эсептейбиз. Бул демократия багытында өнүгүү жолун тандап алган өлкөлөргө баскынчылык. Биз ЕККУну Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү демилгелөөсүн суранабыз”, – деди Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева ЕККУну кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараяндарында ортомчулук кылууга чакырды.

АКШнын Тажикстанга терроризмге каршы күрөшүү үчүн берген курал-жарактарды тажик тарап Кыргызстанга баскынчылык кылууга колдонбошун көзөмөлгө алынуусун өтүндү.

Жыйынга катышып жаткан дагы бир кыргызстандык укук коргоочу – “Артикл9” укук коргоочу ассоциациясынын мүчөсү Айдар Сыдыков да кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга эл аралык баа берилиши керектигин көтөрдү.

Тажикстандык укук коргоочу, учурда эмиграцияда жүргөн Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Дүйшөмбүнү бир тараптуу айыптоого болбосун айтты.
Варшава шаарында ЕККУнун адам укуктарына арналган жылдык жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандан бир катар бейөкмөт уюмдар катышууда.

16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда Кыргызстан тараптан 63 адам мерт болгону расмий кабарланды. 206 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которгон.
Бул жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда кыргыз тарапты айыптаган билдирүү жарыялаган.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жараат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Расмий Дүйшөмбү чыгымдар тууралуу билдирүү жасаган жок.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 9 автоунаа тапшырды

Бүгүн, 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 7 жана Туристтик-экологиялык милициясына 2 авто унаа тапшырды.
Ал автоунаалар Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май РИИБне жана облустардын Сокулук, Нарын, Лейлек, Сузак жана Алай райондук Ички иштер “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда
биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун
көрсөтүүдө.
2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз.
Мунун негизинде Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин
билдирди.
“ ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын ИИМинин негизги өнөктөшү катары бул багытта баа жеткис салым кошууда. Ички иштер министрлигине экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу колдоо көрсөтө турган Ниссан-Патрол эки авто унаасы өткөрүп берүүдө көрсөтүлгөн туристтик-экологиялык милицияны колдогонуңуз үчүн Элчи мырзага жана ЕККУнун Программалык кеңсесине чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”, – деди министр Улан Ниязбеков.
Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жогору баалайт.

Меню