Menu

Жакшылык Абдурасулов

Эдил Байсалов өлкөнүн 7-миллионунчу жараны Жакшылыктын өзүнө 1 млн сом, ата-энесине 200.000 сом тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында өлкөбүздүн 7 миллионунчу жараны Жакшылыктын ата-энеси болуу бактысына туш келген Валижан жана Айжаркын Абдрасуловдор менен жолугушту.

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 7-миллионунчу жаранга 16 жашка чыкканда 11,5 млн сомго жакын сумадагы каражат топтолчу депозиттик эсеп ачуу үчүн 1 млн сом суммасындагы сертификатты тапшыруу аземи орун алды. Мындан тышкары, наристенин ата-энеси 200 миң сомдук сертификат алат.

Өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан жети миллионунчу кыргызстандык менен бир мезгилде төрөлгөн 8 ымыркайдын ата-энелерине да 200 миң сомдон берилет. Балдардын ата-энелерине көрсөтүлгөн суммага сертификат жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилет.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Тактап айтканда, ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.

Жумушчу сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын эсебине 1 миллион сом которулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы – Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады жана ымыркайга Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Кыргызстандын алты миллионунчу наристеси 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 14 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сомдон берилген.

Меню