Menu

Жакырчылык

Жакырчылык менен күрөшүүдө быйыл 100 үй-бүлө күнөскана куруу, брусчатка даярдоо, унаа оңдоо, ширетүү, өздүк чарбаны уюштуруу үчүн 100 миң сомдон алышты

Бүгүн Кыргызстан жакырчылыктан чыгуунун сапаттуу жаңы Активдүү чараларына өтүп жатат. Жаңы курал – социалдык контракт сыноодон өттү. Бул тууралу бүгүн, 25-июлда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.
Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда жардамга муктаж 100 үй-бүлө киреше алып келүүчү долбоорлорго 100 миң сомдон алышты. Бул күнөсканаларды куруу, брусчаткаларды даярдоо, авто оңдоо, ширетүү, мал чарбачылыгы, өздүк чарбаны уюштуруу ж.б., Бул 500 адамдын абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
КР Министрлер кабинетинин төрагасынын чечими менен социалдык контракт негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо бекитилген.
Эми социалдык келишим өлкө боюнча ишке ашырылат. Кийинки жылы аз камсыз болгон 2 800 үй-бүлөгө грант берүү пландалууда.

Кыргызстанда жакырчылык менен күрөшүүдө “Тамак аш жумуш үчүн” долбоору аркылуу 70 миң адам коомдук жумуштарга тартылып, ун жана өсүмдүк майын алышты

Жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорго болжол менен 70 миң адам же 13 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышты. Бул тууралу бүгүн, 25-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.
Ошентип, бул чаралардын алкагында өлкө боюнча 357 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылды.
“Министрлик БУУ ДАП менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн “Тамак аш жумуш үчүн” масштабдуу долбоорун ишке ашырып жатат. Ага болжол менен 70 миң адам катыша алышты. Жүргүзүлгөн иштер үчүн 2139 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) бөлүштүрүлгөн.
Ошондой эле 6,3 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар калктын аярлуу катмарына шашылыш колдоо көрсөтүү боюнча “жумуш (окуу) үчүн накталай каражаттар”схемасы боюнча 31 долбоорго катышышты. Алардын арасында 8 958,4 миң сом суммасындагы накталай каражаттар бөлүштүрүлдү.

Өлкө боюнча 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бири чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышат

Өлкө боюнча 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бири чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Министрликтин жылдын башынан жүргүзүлгөн ишине арналган пресс-конференцияда билдирди.
“Февралда Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык контракт долбоору ишке киргизилди, анын алкагында үй-бүлөлөр бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышты. Бүгүнкү күндө бардык долбоорлор ийгиликтүү болду, эми бул долбоор бүт республикага жайылтылат”, – деди министр.
Анын айтымында, долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 2800 үй-бүлө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон алышат. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул максатка республикалык бюджетен 292 млн сом бөлүнөт.

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өстү

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-июндагы жыйынында Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өскөнүн билдирди.

Депутат бул БУУнун маалыматы экенин белгилеп, өкмөттү өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө чакырды.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер Кыргызстанда болуп, кыргыз өкмөтүнүн жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин изилдеген. Ал бул сапарынын жыйынтыгы тууралуу 2023-жылы июнда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде атайын баяндама жасайт деп күтүлүүдө.

БУУнун эксперти “инфляциянын өсүшү менен катар акча которуулардын кыскарышы Кыргызстандын ансыз деле жакыр жашаган үй-бүлөлөрүн киреше булагысыз калтырышы мүмкүн экенин” белгилеп, бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашап жатканын эскерткен. Анын айтымында, инфляциянын өсүшүнөн улам 2022-жылдын аягына карата жакыр жашагандардын саны 35 же 38%га чейин көбөйүшү мүмкүн.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк түзгөн эң жакыр өлкөлөрдүн рейтингинде 60-орунда жайгашкан. Рейтингге ылайык, өлкө калкынын 53% жакырчылыктын чегинде жашайт.

Меню