Menu

Жамолиддин Абдуллозода

Рахмондун карындашы каза болгондон кийин Тажикстандын саламаттык сактоо министри катуу сабалган

Сүрөттө Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч жээни дарыгерлерди, аткаминерлерди жана саламаттык сактоо министрин катуу сабаган. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтериндеги эки башка ишеничтүү булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 20-июль күнү кечинде президенттин бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова көз жумгандан кийин болгон.

Ур-токмоктон саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана президенттик аппараттын медициналык борборунун башчысы Холмахмад Рахимзода олуттуу жаракат алганы кабарланды. Бийлик министрдин жана башкы дарыгердин сабалышы боюнча расмий комментарий бере элек.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда 64 жаш курагында президенттик аппараттын медициналык борборунда коронавируска каршы дарылоо учурунда көз жумган.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, тажик президентинин карындашын дарылоо үчүн Германиядан, Орусиядан жана Өзбекстандан тажрыйбалуу адис-дарыгерлер чакыртылган.

Чет элдик адистер бейтапты тажик дарыгерлери туура эмес дарылаганын белгилешкен. Мындай тыянак президенттин жээндеринин ачуусун келтирип, алар апасы кайтыш болгон күнү кечинде аны караган дарыгерлерди, анда турган медик-аткаминерлерди жана министрди кошуп сабашкан.

Рахмондун жээндери – Фахриддин, Фаррух жана Зиёдали Сафаровдорду тынчтандырууга президенттин тун уулу Рустам Эмомалини алып келишкен.

Булактардын маалыматы боюнча сабалгандардын ичинен министр Жамолиддин Абдуллозода эң көп жабыркаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню