Menu

Жарандык коом

Жарандык коом өлкөгө күчтүү парламент керек экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар менен 15-сентябрда жолукту.

Жыйынга катышкан жарандык активист Рита Карасартова талкууда жарандык коомдун өкүлдөрү парламентти демократияны чыңдоочу институт катары колдой турганын билдиришкенин журналисттерге айтты.

Карасартованын айтымында, айрым укук коргоочулар Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы катары, аткаруу бийлигине көзөмөл кыла тургандай регламент мыйзамын иштеп чыгуусун сунушташкан. Алар өлкөгө күчтүү парламент керек экенин белгилешкен.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламентте “Жогорку Кеңештин жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү” аталышында жыйын өткөнүн кабарлады. Төрага Мамытов жарандык коом институту өлкөдө ар дайым чечүүчү ролду ойноорун билдирген.

“Парламент Конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууда жарандык коом менен өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Бул жагдайда ачык-айкындуулук Жогорку Кеңештин ишинин маанилүү принциптеринин бири болуп саналат”, – деди Мамытов.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президенттин соңку кадамын айрым депутаттар парламент институтунун таасирин төмөндөтүү аракети катары баалап жатышат.

Меню