Menu

Жаратылышты өнүктүрүү фонду

Экология министри Динара Кутманова "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" акчасынан өз кабинетине 1 миллион 500 миң сомго мебель сатып алдыбы?

2017-жылы Кыргыз өкмөтү жана “Центерра Голд Инк.” , “Кумтөр голд компани”, “Кумтөр Оперейтинг Компани” компаниялары биргеликте 50 млн доллар уставдык капиталы менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондун” түзүшкөн. Андан сырткары “Кумтөр голд компани” бул фондго жыл сайын $2.700.000  взнос төлөп турмак  болуп, натыйжада фонддун эсебине $65.000.000 каражат топтолгон.

Ал фонд министр Динара Кутманова жетектеген КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине эч кандай тиешеси жок коомдук фонд болуп, Юстиция министрлигинен өз алдынча юридикалык жак катары катталган.

Бул фонддун негизги максаты – айлана-чөйрөнүн абалын калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга багытталган жаратылышты коргоочу долбоорлорду каржылоо болгон. Экология жана жаратылыш байлыктарын колдоо, Кумтөр кенинин аймагына жакын жайгашкан жерлерде жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча дареметти өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга колдоо көрсөтүү эле.

Бул фондду түзүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн токтомунда “Фонддун Уюштуруучусу, кызмат адамдары, башка кызматкерлери жана башкаруу органынын мүчөлөрүнүн ортосунда пайданы бөлүүгө жол берилбейт” деп ачык жазылган.

Бирок Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология  жана техникалык көзөмөл министри болуп Динара Кутманова дайындалгандан бери бул фонддун акчасына суук колун салгандар көбөйгөнүн фонддун айрым өкүлдөрү ар кандай инстанцияларга маалымат таратып, коңгуроо кагышууда.

Алардын айтымында, министр Динара Кутманова “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” эсебинен өзүнүн кабинетине 1 миллион 500 миң сомго мебель сатып алыптыр. Эмне министрдин кабинетине ушундай кымбат баадагы эмеректерди сатып алуу ушунча эле зарылбы же бул да жаратылышты коргоо, колдоо болуп эсептелеби?

5 миллион 800 миң сомду сыйлык кылып алышкан.

1 миллион 200 миң сомду компьютердик жабдыктарды сатып алууга коротушкан.

1 миллион 200 миң сомду командировкаларга чыгымдашкан.

Мындай мыйзам бузуулардын тизмеси узун болуп тизмектелген. Анын баарын санап отуруунун азыр зарылчылыгы жок. Ошол эле учурда Кыргызстанда экологиялык чоң катастрофалар катталып, мөңгүлөрүбүз эрип, абабыз бузулуп, түтүнгө ышталып, сууларыбыз ууланып жатат. Бул багытта экеологиялык чоң долбоорлорго каражаттар жок деп каржыланбай келет.

Динара Кутманова оппозицияда жүргөн кезинде жаратылышты коргоо боюнча чакырыктарды жасап кыйкырса жанына адам чыдап уга алчу эмес, баарыбыз бул айымды колдочубуз, эми мансапка жетип, министрлик кызматка олтургандан бери өзүнчө чиновниктик мүнөз күтүп, 2 жылдан бери жаратылышты коргоо багытында бир чоң долбоорду ишке ашыра алган жок. Жаратылышты колдоого жыйналган каражаттарды минтип максатсыз пайдаланып олтурганы бул министрдин жаратылышка жана экологияга болгон чыныгы мамилесин ачыктайт.

Коомдук фонндун акчаларын мамлекеттик органдын жетекчилери өз каалагандай чачканы эч бир мыйзамга дал келбейт. Ошондуктан азыр коррупция менен күрөшүп жаткан КР Генпрокурору Курманкул Зулушев менен КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул фактыларды текшертип, коомчулукка жообун айтып койсо жакшы болот эле. Кыңыр иш мурункудай кырк жылда эмес азыр кырк күндө эле билинип калат.

Меню